Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Гоголь – Чүй жана Ахунбаев — Тагай-Бий көчөлөр кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган 3 контейнер алынды. Андан тышкары, Садыр-Аке, Раззаков, Абдрахманов, Садырбаев, Күйүков, Курчатов жана Москва көчөлөрүндөгү вагон, киоск, жарнама тактасы, темир гараж жана тосмолор демонтаждалды.