Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди

Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы эрежеге ылайык, парламент 90 депутаттан турат жана алар 5 жыл сайын дайындалат. Шайлоо аралаш системада өтөт: 36 депутат бир мандаттуу, 54ү партия ичиндеги талапкерди тандоо менен шайланат

Ош шаарында айыл-чарба жарманкеси өтөт

Ош шаарында айыл-чарба жарманкеси өтөт. Эртең, Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына карата  саамалык борбордук аянтта өтөт. “Жарманкеде ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары сатылат. Негизинен кондитердик жана сүт азыктары арзан баада коюлат. Жарманкеге ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдары да чыгарылат.

Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды

Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, эс алуу аймагы Масалиев менен Токтоналиев көчөлөр кесилишинде жайгашат. Сейил бактын борборунда боз үй сымал 800 орундуу амфитеатр курулуду. Чыгыш бөлүгүндө улуттук ордо оюну үчүн атайын аянтча бөлүндү. Андан тышкары, сейил бакта комуздун инсталляциясы менен фонтан, майыптыгы… Кененирээк…

Жалал-Абадда автобустардын жол киреси 5 сомго кымбаттады

Жалал-Абадда автобустардын жол киреси 5 сомго кымбаттады. Калаа мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыны шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы жогорулатты. Бул, жол киренин арзандыгы, ал эми күйүүчү-майлоочу майлар жана тетиктердин кымбаттыгынан автобустар өз чыгымын жаба албай калганына байланыштуу. Анын ортосунда шаардагы 1-класстан 5-класска чейинки… Кененирээк…

Республика боюнча милиция кызматкерлери иштин күчөтүлгөн режимине өттү

Республика боюнча милиция кызматкерлери иштин күчөтүлгөн режимине өттү. Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт, — дешти Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн графикте бүгүнтөн тартып 1-сентябрга чейин иш алып барат. Иш-чаралар өтүп жаткан учурда республикадагы… Кененирээк…

Таласта Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталды

Таласта Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталды. Президент аппаратынан билдиришкендей, иштер Киров суу сактагычында жүрүп жатат. ГЭС  ишке киргенден кийин жылына 92 миллион кВт-саат электр энергиясын өндүрө алат. Долбоорду ишке ашырууга дээрлик 23 миллион доллар керектелет. Каржылоо Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан болсо, куруу, монтаждоо иштерин ата мекендик… Кененирээк…

ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясы көбөйтүлөт

Министрлер кабинети ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын көбөйтүү үчүн алардын стажысын кошулган мөөнөт менен эсептөөнү чечти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.   Тагыраак айтканда, кызмат өтөп жаткандарга (ыкчам кызматтагылардан тышкары) бир айлык мөөнөт 1,5 ай деп эсептелет. Ал эми Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүндө… Кененирээк…

Милиционердин тапанчасынан 32 жаштагы айдоочу каза болду

  Борбор калаада Кайгуул кызматынын инспекторуна таандык табелдик куралдан ок жеп 32 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлап, окуянын чоо-жайын айтып берди.   Маалыматта каргаша 27-август күнү болжол менен саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгону… Кененирээк…

Жапаров Ысык-Көлдө рекорд койгон спортчу Шуликону куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн 180 чакырымдан ашуун узундугун башынан аягына чейин сүзүп өткөн спортчу Владислава Шуликону рекорд койгону менен куттуктады.   Баткенде иш сапарында жүргөн мамлекет башчысы суучулга телефон чалып куттуктаганын 27-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен да алты күн… Кененирээк…

Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтед” клубуна өттү

Футбол дүйнөсүндө таң калтырган трансферлер уладууда. Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтед” клубуна өттү. Англиялык клуб өзүнүн сайтында аны “үйгө кош келдиң” деп тосуп алды.   Форвард аталган командада 2003-2009-жылдары ойногон. Буга чейин Роналду “Ювентустан” кетүү чечимин жарыялаган. Бул клубга ал мадриддик “Реалдан” келген. Ага чейин Лионель Месси “Барселонадан”… Кененирээк…