Бишкектин мурдагы мэри Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Бишкектин мурдагы мэри Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Сарыбашов келди. Ал мурда Оштун калаа башчысы болуп эмгектенген. Кудайбергенов мэрдин милдетин быйыл… Кененирээк…

Бир жумада чөптүн баасы 1 сом 40 тыйынга кымбаттап, түктүн баасы 321 сомго жетти

Бир жумада чөптүн баасы 1 сом 40 тыйынга кымбаттап, түктүн баасы 321 сомго жетти. Мындай маалыматты монополдукка каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинен беришти. Июндун башына салыштырмалуу чөп 121 сомго же 61 пайызга кымбаттады. Белгилеп кетсек, дан эгиндери дагы наркын жогорулатууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы… Кененирээк…

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында финалга чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында финалга чыкты. Ал жарым финалда армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде утту. Кыргызстандык спортчу чейрек финалда азербайжандык спортчуну (9:1), ал эми баштапкы этапта тунистик балбанды 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Эми ал финалда алтын үчүн венгриялык Томас… Кененирээк…

Издөөдө жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Издөөдө жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке алып келинди. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, Акаев “Кумтөр” ишин иликтөө боюнча келишимге макулдугун берип бүгүн Бишкекке учуп келди. Акаев аба майдандан түз эле суракка жеткирилди. Анын катышуусу менен алтын-кен казуу боюнча кылмыштарды иликтөөнүн алкагында керектүү тергөө иштери жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду

Айсулуу Тыныбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду. Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Тыныбекова мелдешке эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынап, жарым чейрек финалда латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет. Ошондой эле балбан Атабек Азисбековдун дагы биринчи атаандашы белгилүү болду. Ал грек-рим күрөшү… Кененирээк…

Кыргызстандыктар коронавируска каршы вакцина алуу үчүн жашаган жери боюнча катталганына карабай бардык эмдөө түйүнүнө кайрылса болот

Кыргызстандыктар коронавируска каршы вакцина алуу үчүн жашаган жери боюнча катталганына карабай бардык эмдөө түйүнүнө кайрылса болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцина бир гана 18 жашка толгондорго жеткиликтүү. Жанында сөзсүз паспорт болушу шарт. Эске салсак, өлкө боюнча жалпысынан 1 миң эмдөө түйүнү уюштурулду. Кыргызстандыктар үчүн азырынча… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулоо багытында

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулоо багытында. Бүгүнкү күнгө карата башкы резервуардагы көрсөткүч 12 миллиардга жакындады, — деп билдиришти “Электр станцияларынан”. Бирок, анын ортосунда суунун агып кириши учурдагы мезгилге карата төмөн деп эсептелет. Секундасына 605 кубометрге гана жетүүдө. Алсак, учурдагы мезгил вегетациялык сезондун туу чокусу.… Кененирээк…

Республика боюнча мугалимдердин көбү эмдөөдөн өттү

Республика боюнча мугалимдердин көбү эмдөөдөн өттү. бала бакча тарбиячыларынын 80 пайызы, мектеп мугалимдеринин 70 пайызы коронавируска каршы эмделди, — деп билдирди Билим берүү министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева. Ошондой эле баштапкы жана орто кесиптик билим берүү жайларынын окутуучуларынын 60 пайызы жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин… Кененирээк…

Вакцина ала турган түйүндөрдү табуу мурдагыдан дагы жеткиликтүү болуп калды

Вакцина ала турган түйүндөрдү табуу мурдагыдан дагы жеткиликтүү болуп калды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, эмдөө жайлары «2ГИС» тиркемесине киргизилди. Анын жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын дарегин, иштөө графигин жана байланыш номерин билсе болот. Тиркеме ошондой эле жакын жерде жайгашкан эмдөө пунктуна чейинки жолду көрсөтүп берет.

Ысык-Көлгө бараткан жолдо жума сайын рейд жүргүзүлөт

Ысык-Көлгө бараткан жолдо жума сайын рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, айдоочуларды көзөмөлдөө жана текшерүү иштерине наркологдор дагы тартылат. Мындай чечим туристтик сезондун алкагында жана жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынды.