Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Фирсов, Васильев, Элебесов, Карагач көчөлөрүндө, «Ак-Ордо», «Арча-Бешик», «Ак-Босого» жана «Рухий-Мурас» конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстандан Белоруска түз аба жолдору ачылды

Кыргызстандан Белоруска түз аба жолдору ачылды. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек–Минск–Бишкек багыты боюнча туруктуу аба жолдору жумасына эки ирет шейшемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 5 саатты түзөт.

Америкалык ырчы Рианна рамий түрдө миллиардер болду

Америкалык ырчы Рианна рамий түрдө миллиардер болду. Forbes жарыялагандай, ал дүйнодөгү эң бай артист. Учурда анын абалы 1 миллиард 700 миллион долларга бааланат. Сумманын басымдуу бөлүгүн Рианна 2017-жылы негиздеген косметикалык компаниясынан түшкөн кирешеден тапты. Басылманын маалыматы боюнча, жылдызга ошондой эле өндүрүш компаниялардын үлүшү туура келет.… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу жана тоого жакын аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу жана тоого жакын аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Күтүлгөндөй, 5-августтан 8ине чейин нөшөрлөп жаан жаайт. Дарыяларда суунун денгээли дароо көрүлөт, — деп эскертишти өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Бл күндөрү жарандар өзгөчө этият болушу зарыл.

Борбор Азия мамлекеттеринен медаль алгандар боюнча Өзбекстан алдыда

Борбор Азия мамлекеттеринен эки алтын, бир коло медаль менен Өзбекстан алдыда. Андан кийинки орунда эки күмүш, бир коло менен Кыргызстан турат. Казакстан үчүнчү, учурда коңшу өлкөнүн улуттук курама командасынын капчыгында беш коло медаль бар. Ал эми Түркмөнстан эгемен тарыхындагы алгачкы күмүш менен төртүнчүдө. Тажикстан бул… Кененирээк…

Кыргызстанда 641 миңден ашык адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда 641 миңден ашык адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул калктын эмдөөдөн өт тургандарынын 17,8 пайызы, — деп билдиришти министрлер кабинетинен. Биринчи дозаны 505 миңден ашык адам, алса, экинчи доза 135 миңден ашыгына сайылды. Белгилеп кетсек, буна чейин саламаттыкты сактоо министри  Алымкадыр Бейшеналиев өлкодө бизнести… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.… Кененирээк…

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөргө ковидге каршы вакцина саюуну токтоуп турууну сунуштады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөргө ковидге каршы вакцина саюуну токтоуп турууну сунуштады. Анын себеби – препараттардын глобалдык жетишсиздиги. Уюмдан түшүндүрүшкөндөй, бай өлколөрдө эмдөө өнөктүгү экинчи ирет кайталанып жатса, жакыр мамлекеттер алгачкы вакцинацияга толук жете элек.

Кыргызстанда билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөгө кызматкерлердин 70 пайызы коронавируска каршы эмделгенде өтөт

Кыргызстанда билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөгө кызматкерлердин 70 пайызы коронавируска каршы эмделгенде өтөт. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал дагы эске алынат, — деп билдирди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова. Анын айтымында, мектептер жана окуу жайлар кандай форматта иштери азырынча аныктала элек. Эске салсак,… Кененирээк…

Эл аралык күрөш федерациясы Айсулуу Тыныбекованы тарых жаратуучу деп атады

Эл аралык күрөш федерациясы Айсулуу Тыныбекованы тарых жаратуучу деп атады. Бул тууралуу макала уюмдун Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланды. Федерациядан белгилешкендей, спортчу Кыргызстан тарыхында Олимпиададан күрөш боюнча күмүш алган алгачкы кыз. Белгилеп кетсек, бир эсеп менен япониялык Юкако Каваиге жеңишти алдырган кыргызстандык спортчу кызды мекенинде өлкөнүн… Кененирээк…