Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Жапаров 5-6-август күндөрү Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган.   Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүү аспектилерин… Кененирээк…

Борбордук «Ала-Тоо» аянты жабылды

Токио Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанатына даярдалып жаткан борбордук «Ала-Тоо» аянты жабылды. Учурда анын тегерек-чети тосулуп, ичинде милиция кызматкерлери гана жүргөнүн көрүүгө болот. Токио Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салнтанатына даярдалып жаткан борбордук «Ала-Тоо» аянты жабылды Эске салсак, бүгүн Япониядан Олимпиада оюндарына… Кененирээк…

Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү унаалар үчүн жабылды

Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү унаалар үчүн жабылды. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда,  7-августтан 15-сентябрга чейин тилкенин Турусбековдон Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылына толук чектөөлөр киргизилет. Бул, магистралдык тармактарды калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтындагы салтанатта 600дөн ашык милиция коопсуздукту сактайт

Токио Олимпиадасынан байге алган спортчуларга карата уюштурула турган салтанатта 600дөн ашык милиция кызматкери коопсуздукту сактайт. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул үчүн атайын инструктаж өткөрүлдү. Ал эми Маданият министрлигинин маалыматына караганда, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында саат 1де башталат.  Белгилеп кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 миллион 360 миң доза вакцинанын запасы бар

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 миллион 360 миң доза вакцинанын запасы бар. Расмий статистика vc.emed.gov.kg порталына чыгарылды. Маалыматка караганда, вакцинациянын толук курсунан 150 миң адам өттү. Биринчи дозаны алгандардын саны 521 миңге жетти. Учурда өлкөдө 4 препарат менен эмдөө жүрүп жатат – AstraZeneca, Sinopharm, QazVac жана… Кененирээк…

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо марага 36-болуп келди

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо (42 чакырым 195 метр) чуркап, марага 36-болуп келди. Мелдештин жыйынтыгын Олимпиаданын уюштуруу комитети расмий сайтына чыгарды. Жалпысынан 88 жеңил атлетчи жарышка чыгышкан. Кыргызстандык атлет кыз 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секунда убакытта чуркап келген.… Кененирээк…