Бишкектин 41 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда

Бишкектин 41 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен каржыланган «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында борбордун 31 көчөсүндө узундугу 40,25 чакырым болгон аралыкта иштер уланууда: Жукеев Пудовкин көчөсү Ахунбаевден Кулатовго чейин; Сухэ-Батор… Кененирээк…

Кыргызпатенттин жетекчиси алмашты

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Динара Молдошева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Мамлекет жетекчисинин дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Рахат Керимбаева дайындалды. Эскерте кетсек, Молдошева Кыргызпатенттин жетекчилигине… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунда буудайдын түшүмү 50 пайызга аз жыйналды

Ош облусунун Араван районунда кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү 50 пайызга аз жыйналды. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүмүн жетекчиси Пайзылда Мырзабарамов билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылы дыйкандар кылкандуу дандан гектарына 1 тоннадан 1,5 тоннага чейин түшүм алса, быйыл бир гектардан 800 килограммдан… Кененирээк…

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү көбөйдү

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү көбөйдү. Улуттук банктан билдиришкендей, быйыл январдан июнга чейин кыргызстандыктар 252 миллион 300 миң доллар которушту. Былтыр ушул эле мөөнөттө сумма 38 миллион 600 миң долларга аз болчу. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, чет өлкөлөргө жиберилген сумманын 96 пайызы Россияга… Кененирээк…

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү жаандуу болот

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү жаандуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аптаптуу күндөрдүн ордуна салкын аба-ырайы келет. Бүгүн, эртең ордо калаада күн ачык болуп +33…35ке чейин жогоруласа, жумада асманды ала булут каптайт. Термометр мамычалары төмөндөйт. Ишембиде максималдуу түрдө +24кө араң жетет. Түштөн кийин майдалап себелеп жаап… Кененирээк…

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 2-орунга чыкты

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 2-орунга чыкты. Ал Олимпиада оюндарында 77 килограмм салмак арасында күч сынап, экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Махмудов ушундай жыйынтыктан кийин көтөрүлдү. Эми Норвегияда октябрда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуучулар рейтингге жараша катышат. Белгилеп кетсек, рейтингде… Кененирээк…

Бишкектеги Чүй – Кулиев көчөлөр кесилишиндеги соода борборундагы эмдөө түйүнү көчүрүлдү

Бишкектеги Чүй – Кулиев көчөлөр кесилишиндеги соода борборундагы эмдөө түйүнү көчүрүлдү. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан эскертишти. Эми жарандар вакцина алуу үчүн Жаш Гвардия бульвары, №4 дарегинде жайгашкан Калкты каттоо борборуна кайрылса болот. Бул үчүн жанында паспорту болушу зарыл.

Жаңы окуу жылында 156 миңден ашык бала 1-класска барат

Жаңы окуу жылында 156 миңден ашык бала 1-класска барат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абадда 30 миң 260 бала мектеп босогосун аттайт. Бул, өлкө боюнча эң чоң көрсөткүч. Андан кийин Ош облусу – 28 миң 943 бала жана Чүй облусу – 24 миң 669 бөбөк… Кененирээк…

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Келишимге энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев менен Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшту. Ага ылайык, быйыл августтан декабрга чейин Түркмөнстан 502 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Маалым болгондой, Түркмөнстан 9-августка чейин 19 миллион киловатт-саат электр энергиясын… Кененирээк…

Талас облусунда Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө 13 миллион сом багыттоо пландалууда

Талас облусунда Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө 13 миллион сом багыттоо пландалууда. Сумманын 3 миллиону жасалгалоо иштерине жумшалса, 10,5 миллион сомун шоуну өткөрүүгө жана фейрверрке багытталат. Иш-чара “Манас Ордо” улукттук комплексинде өтөт. Анда “Урааным Манас” аталышындагы театрлаштырылган шоу уюштурулат. Андан тышкары, көчмөндөр шаарчасы дагы пайда… Кененирээк…