Кыргызстан курама командасынын рейтингдеги орду ылдыйлады

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде 101-орунга төмөндөдү. FIFA жаңыланган тизмени бүгүн, 12-августта, расмий сайтына жарыялады. Улуттук команда май айындагы рейтингде 99-орунда болсо, азыр 101-катарга жайгашкан. Кыргызстандын капчыгында 1 223 упай бар. Дүйнөлүк рейтингде Бельгия курама командасы көч баштоодо. Бразилия экинчи… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы  өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы  өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Чокморов, Бөкөнбаев, Раззаков, Махатма Ганди, Тыныстанов, Курманжан Датка көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Ак-Босого, Эне-Сай конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин 2 көчө колдонууга берилди

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин 2 көчө колдонууга берилди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Валдайская көчөсүнүн Курчатовдон Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жана №4 кичи райондогу ички көчө, Сүйөркуловдон Безымянная көчөсүнө чейинки тилке ачылды.   Кайра калыбына келтирүүнүн алкагында эки атмар асфальт төшөлүп, тротуар, ирригациялык система курулуп, жол белгилери… Кененирээк…

Баткен облусуна өзгөчө макам жыл аягына чейин берилет

Баткен облусуна өзгөчө макам жыл аягына чейин берилет.   Бул тууралуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди.   Анын айтымында, макам облусктун административдик укуктарын кеңейтип, өзгөчө инвестициялык жана салыктык режимдерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жыл сайын аймакка мамлекеттик бюджеттен 500 миллион сом… Кененирээк…

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына Айбек Жунушалиев дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына Айбек Жунушалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.   45 жаштагы Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал эми 10 күн мурда мэр болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу… Кененирээк…

Франциянын ПСЖ клубунун инстаграм баракчасында катталуучулардын саны кескин көбөйдү

Франциянын ПСЖ клубунун инстаграм баракчасында катталуучулардын саны кескин көбөйдү. Лионель Месси клубга өткөндөн кийин анын расмий баракчасына 5 миллиондон ашык адам катталды.   Августта катталуучулардын саны жалпысынан  6 миллионго көбөйдү. Бул баракча үчүн абсолюттук көрсөткүч. Эске салсак, Мессинин Париж клубуна өтүп жаткандыгы тууралуу 10-августта белгилүү… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду сактап калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду сактап калды. Жаңыланган тизме Олимпиада оюндарынан кийин жарыяланды. Токиодо өткөн оюндарда Тыныбекова экинчи орунду ээлеп, 78 упай топтой алды.   Экинчи балбан Акжол Махмудов экинчи сапта жайгашты. Олимпиадада ал дагы күмүш медаль тагынды.   Белгилеп кетсек, буга… Кененирээк…

Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти

Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти. Ал бул орунду туура 10 күн ээледи. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялап, 3 жыл Ошту жетектегенден кийин Бишкекке чоң пландары менен келгенин билдирди.   Сарыбашов мэрликтен кетип жаткандыгында саясат жок экенин белгилеп өттү.  … Кененирээк…

Баткен облусунда кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалда жалпысынан  1,3 миллиард сом чыгым келтирилди

Баткен облусунда кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалда жалпысынан  1,3 миллиард сом чыгым келтирилди. Бул тууралуу Аймактын өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди. Анын айтымында, 140 үй, 8 коомдук имарат, 76 коммерциялык жай өрттөлгөн.   Үйлөр кайра курулуп, ишкерлерге үстөксүз, күрөөсүз насыя берилип жатат.… Кененирээк…

Тажикстан менен чек арада абал туруктуу

Тажикстан менен чек арада абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, чектеш аймактар аскер кызматкерлеринин көзөмөлү алдында.   Эске салсак, кечээ Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тарабынан ок атуулар болду. Ок аймактык оорукананын экинчи кабатында терезени жарып өттү. Жабыркагандар жок. Учурда иликтөө жүрүүдө.