Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 820 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 820 миңден ашты. Алардын 248 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 2,2 миллион запасы бар. Бул 13-август саат 16:00гө карата маалымат.   Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү… Кененирээк…

Келе жаткан окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат

Келе жаткан окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат. Мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат, — деп билдирди Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.   Анын айтымында, биринчи чейрек 15-сентябрда башталып,  5-ноябрга чейин созулат. Экинчиси 15-ноябрдан адаттагыдай эле 31-декабрга чейин уланат. Үчүнчү чейрек 11-январдан 18-мартка чейин жана төртүнчү… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров мектептерде ата-энелерден акча чогултуу чечимине каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров мектептерде ата-энелерден акча чогултуу чечимине каршы чыкты. Өлкө башчынын басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, бул сунуш  коррупция жаатында мамлекеттик саясатка карама каршы келет.   Андан тышкары, мындай система билим берүү тармагын жакшыртууга реалдуу жардам бербейт.   Тескерисинче, ата-энелерге жүктөлгөн ашыкча жүк болот.… Кененирээк…

Билл Гейтс климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн 1 жарым миллиард доллар бөлөт

«Майкрософт» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, эгер Конгресс көмүр кычкыл газын азайтуучу технологияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорду кабыл алса, анын «Breakthrough Energy» фонду бул долбоорго үч жылдын ичинде 1 миллиард 500 миң доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, миллиардер… Кененирээк…

УКМК Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсүн кармады

УКМК Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 11-августта УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.А. аттуу жараны кармалды.   Такталган маалымат боюнча, кармалган адам 2019-жылы… Кененирээк…

Японияда суу ташкыны коркунучунан улам 3 миллиондон ашык адам эвакуацияланды

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жана суу ташкыны пайда болушу күтүлүп жаткан аймактардан жалпы 3 миллиондон ашык адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, бир канча күндөн бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдын кесепетинен өлкөнүн Фукуока,… Кененирээк…

Салыктык мунапыска илинген ишкерлердин жарым миллиард сом айып пулу кечирилди

Салык кызматы жарыяланган мунапыстын алкагында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын жойгон 9 452 субъектинин 573,4 миллион сомдук айып пулун кечти. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады. Мындай мунапыс 2020-жылдын август айында киргизилген.   6 605 салык төлөөчү салык карызынын негизги суммасын — 424,2… Кененирээк…

Бишкектеги ЖЭБ-2 беш жыл аралыгында ишке кирери айтылды

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.   Анда жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалып жатканы айтылат.   ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде… Кененирээк…

Өзбекстанда бала бакчадан 25 бала ууланды

Ташкент облусунун Аккурган районундагы №5 бала бакчасында 25 бала ууланып, ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.   Билим берүү министрлиги окуя 11-августта болгонун белгилеп, кечки тамактануудан кийин уулануунун белгилери менен балдар ооруканага түшкөнүн ырастады. Ооруканага жаткан балдардын алтоо реанимацияга жаткырылып, бирөөнүн абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруучу… Кененирээк…

Японияда мэр олимпиада чемпионунун алтын медалын тиштеп жараксыз кылып алды

  Японияда мэр олимпиада чемпионунун алтын медалын тиштеп жараксыз кылып алды.   Окуя Нагоя шаарында катталды. Калаа жетекчиси Такаши Кавамура оюндарда жеңүүчү аталган Миу Гото менен жолуккан.   Куттуктоо сөзүнөн кийин ал медалды тиштеп сүрөткө түшкөн. Бирок ал катуу тиштеп алгандыктан, медаль жабыркап калды.  Эми… Кененирээк…