Бишкекте жаңы окуу жылына даярдануу иштери кызуу жүрүп жатат

Бишкекте жаңы окуу жылына даярдануу иштери кызуу жүрүп жатат. “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери мектептердин жанындагы көрүнбөй өчүп калган жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүн жаңылоодо. Бүгүнкү күндө жумуштар 12 мектептин жанында жүрүп жатат. Иштер уланат.  

Бишкекке ноябрда  көп орундуу автобустар келет

Бишкекке ноябрда  көп орундуу автобустар келет. Мэриядан билдиришкендей, муниципалитетте түркиялык автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, 2021-22-жылдар ичинде өлкөгө 300-350 автобус жеткирилет. Коомдук унаалардын узундугу 12 метрди түзөт. Унаалар дүйнөлүк стандартка жана жүргүнчүлөрдү ташуу талаптарына жооп берет, — деп белгилешти калаа бийлигинен.

Чолпон-Атада мөндүр жаады 

Чолпон-Атада мөндүр жаады Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ысык-Көлдө кечээ күнү жаан жаап, күн сууктаган. Ал эми бүгүн эртең менен саат 10:00дөр чамасында мөндүр жааган. андан улам Бактуу-Долоноту айылында убактылуу жарык өчүп калган. ӨКМ нөшөрлөп жааган жаандан улам өлкө аймагында сел жүрүү кооптуулугу дагы деле сакталып турганын… Кененирээк…

Бишкекте жаңы окуу жылында дээрлик 17 миң бала 1 мектеп босогосун аттайт

Бишкекте жаңы окуу жылында дээрлик 17 миң бала 1 мектеп босогосун аттайт. Бул тууралуу Novosti.kgге шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Андан белгилешкендей, балдарды мектептерге кабыл алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат. Алар балдарды билим берүү мекемелерине жашаган жери боюнча жайгаштырат. Белгилеп кетсек, учурда өлкөнүн… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

Бишкекте дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылат. Кеп, Магистраль көчөсүнүн Садырбаевден Кырманга чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, эртеңден тартып жолдун 560 метр жерине асфальт төшөлөт, жумуштар аяктагандан кийин унаалар өтө турган тилке 8 метрге кеңейет. Аны менен катар жолдун эки тарабында… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мекенге тез арада эвакуациялоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мекенге тез арада эвакуациялоону тапшырды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, муну менен катар Афганистан аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү керектиги белгиленди. Эске салсак, “Талибан”… Кененирээк…

Кыргызстан эгемдендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30 клумба көрктөндүрүлдү

Кыргызстан эгемдендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30 клумба көрктөндүрүлдү. «Бишкек жашылдандыруу» ишканасынын кызматкерлери иштерди Жаштар аллеясы, Улуттук филармониянын алды, өкмөттүк скверлер, Эмен багы, түштүк магистраль, «Ынтымак-2» сейил багында жана Чолпон-Ата көчөсүндө аткарышты. Белгилеп кетсек, быйыл 31-августта өлкө эгемендүүлүгүнө 30 жыл толот.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөт үйү пайда болот

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөт үйү пайда болот. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жаңы имарат аймактык оорукананын аймагында салынат жана ал 50 орундуу болот. Бул багытта 74 миллион сом жумшоо пландалууда. Күтүлгөндөй курулуш иштери быйыл 4 кварталда старт алат, медициналык мекемени 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын программасынан чийиле турган спорттун түрлөрү аталды

2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын программасынан чийиле турган спорттун түрлөрү аталды.   Расмий сайтта жарыяланган маалыматка ылайык, Парижге карате, бейсбол жана софтбол менен машыккан спортчулар барбайт.   Ал эми жаңы спорттун түрлөрү боюнча программага брейк-данс киргизилди. Кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кадимки режимде иштеп жатат

Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кадимки режимде иштеп жатат.   Учурда Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы мекендештер менен түз байланышта, — дешти ведомстводон. Биздин дипломаттар кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жана аларды эвакуациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Эске салсак, талибдер Афганистандын ордо калаасындагы президенттик сарайда өз желегин орнотту.   Алар… Кененирээк…