Мэрия жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда

Мэрия жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Көлмө» конушунун Кулиев көчөсүндө канализациялык тармактардын курулушу башталды. Канализация түйүндөрүнүн узундугу жарым чакырымга жетет, алар 30га жакын үйдү камтыйт. Курулуш иштерин быйыл күз айларында бүтүрүү пландалууда.  

Бишкекте күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктар көрүү иштери уланууда

Бишкекте күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктар көрүү иштери уланууда. «Бишкекжылуулукэнергонун» маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 66 откананын 47си толугу менен даяр. Казандар тазаланып, оңдолду, насостор, клапандар, электр жабдуулары, автоматташтыруу жабдуулары жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жылуулук түйүндөрү алмаштырылды. Отканалардагы бардык жумуштар графикке ылайык жүрүүдө.

Афганистандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды

Афганистандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар азыр Казакстанда жана аларды Кабулдан чыгарып кетүүгө коңшу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү жардам берди. Эске салсак, кечээ элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын 9 жараны Афганистандан эвакуацияланган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйылкы окуу жылында жаңы мектеп ачылат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйылкы окуу жылында жаңы мектеп ачылат. Бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинин курулушу 82 пайызга даяр, — деп билдиришти Мамлекеттик курулуш агенттигинен. мектеп 225 окуучуга ылайык. Анда окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук жана акты залдары, атайын жабдууланган химия, физика, информатика класстары каралды.… Кененирээк…

Баткен облусундагы чыр-чатакта жабыр тарткан 310 жарандын документтери калыбына келтирилди

Баткен облусундагы чыр-чатакта жабыр тарткан 310 жарандын документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кайра жасалган ID-паспорт, жалпы жарандык паспорт, туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөр, ошондой эле транспорт каражаттарынын техпаспорттору ээлерине тапшырылды. Калкка жардам берүүчү аймактык калкты тейлөө борбору Баткенде бүгүнкү… Кененирээк…

Жол эрежесин бузуп, айыпты төлөй албай жүргөндөгө жеңилдик берилет

Жол эрежесин бузуп, айыпты төлөй албай жүргөндөгө жеңилдик берилет. Тагыраагы, 2019-жылдын 4-мартынан бери айрым бузуулар боюнча ушуга чейин айыпты төлөй албай жүргөн айдоочулар ар бирине 300 сомдон берсе болот. Мындай акция 31-декабрга чейин созулат, — деп билдирди Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдердин 60 пайызы эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда мугалимдердин 60 пайызы эмдөөдөн өттү. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, кеп, бала бакча кызматкерлеринен тартып жогорку окуу жайлардын окутуучуларына чейин болуп жатат. Вакцинациянын созулушу мугалимдер эмгек өргүүсүндө жүргөнүнө байланыштуу. Учурда алар кайрадан ишке кайта баштады, вакцинациядан өтүү улануда. Жаңы окуу жылына… Кененирээк…

Кыргызстанда автомектептердин рейтинги түзүлөт

Кыргызстанда автомектептердин рейтинги түзүлөт. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев билдирди. Анын айтымында, рейтинг курсанттардын канча пайызы экзаменди ийгиликтүү тапшырганына карап түзүлөт. Башкы максат — коомчулукка кайсы автомектептер айдоочуларды жакшы даярдап, кайсынысы начар экенин көрсөтүү. Мындай чаралар жол кырсыктары көбөйүп жатканына… Кененирээк…

Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы республика боюнча белгиленет

Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы республика боюнча белгиленет. Бул тууралуу Novosti.kgге президент аппаратынан билдиришти. Андан белгилешкендей, 31-августта облустарда өздөрү белгилеген план боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми ага каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Алсак, Бишкекте аскердик жана эмгекчилер парады өтсө, Ошто, Нарында тарыхый инсандардын жылдыктары белгиленет. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын 25 пайызы эмдөөдөн өттү

Кыргызстан калкынын 25 пайызы эмдөөдөн өттү. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, жамаатттык иммунизация пайда болушу үчүн калктын 70 пайызы эмделиши зарыл. Бул үчүн өлкөдө жалпысынан 2 миллион 137 миң адам вакцина алышы керек. Бүгүнкү күндө 606 миңи биринчи дозаны алды. Республика боюнча 1 миңден… Кененирээк…