Кыргыз-орус ишкерлеринин форумунда 13 документке кол коюлду

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда 13 келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков журналисттерге билдирди. Анын ичинде «Орусия экспорттоо борбору», Евразия өнүктүрүү банкы, «Росэксимбанк», Текстиль-Транс» жана башка ишканалар менен жетишилген келишимдер бар. Новиков макулдашууларга ылайык, насыяны рубль… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Малдыбаев, Курманжан Датка, Фрунзе, Огонбаев көчөлөрүндө, Айтматов проспектисинде, Колмө, Арча-Бешик, Ала-Тоо конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Нарын облусунун Туз айылында жаңы мектеп пайда болот

Нарын облусунун Туз айылында жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, имарат 225 окуучуга чакталат.   Анда окуу корпусу, спорт зал жана атайын галерея каралган. Долбоордун сметалык баасы 50 миллион сомду түзөт. Объект колдонууга ушул жылдын   1-сентябрына чейин берилип калат.

Бишкекте жаңы автобустук каттам ачылды

Бишкекте жаңы автобустук каттам ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, Шаардык транспорт башкармалыгы шаардыктардын өтүнүчү менен №2 автобусттук каттамын ишке киргизди.   Ал чыгыш автобекетинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына чейин түз барат. Андан тышкары, Учкун, Тунгуч кичи райондорунан да өтөт.

Августтун аягында кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алат

Августтун аягында кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алат. Социалдык өнүктүрүү министрлиги тиешелүү токтом кабыл алды. Жарлыкка ылайык,  10-майдагы эс алуу күнү 30-августка которулган.   Ошондо кыргызстандыктар 4 күн эс алат, 28-29-август ишемби, жекшембиге туура келет.   Ал эми 31-августта Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Быйыл республиканын… Кененирээк…

Кыргызстанга күзүндө коронавирустан вакцинанын дагы эки түрү жеткирилет

Кыргызстанга күзүндө коронавирустан вакцинанын дагы эки түрү жеткирилет.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, сентябрдын аягына чейин кытайлык Синофарм препараты, ал эми кийинчирээк 250 миң дозада Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө.   Андан тышкары, кийинки жылдын биринчи жарымында өлкөгө Дүйнөлүк банктын донордук колдоосу менен Moderna препараты… Кененирээк…

ЕАЭБ саммитинин катышуучулары Чолпон-Атага келе баштады

Ысык-Көл облусунда 19-20-августта боло турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуучулардын алды «Тамчы» эл аралык аэропортуна келе баштады. Алгачкылардан болуп, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын учагы көл жээгиндеги аба майданына конду. Андан кийин Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко келип түштү. Конокторду президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек… Кененирээк…

Токиодо паралимпиада кыштагы ачылды

Токиодо паралимпиада кыштагы ачылды.   Анда 21 турак имараты, ашкана, фитнес-борбор жана эс алуу аймагы бар. Кыштактын аймагында спортчуларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүчү жана жабдууларды бере турган түйүндөр бар.   Эске салсак, паралимпиадалык оюндар 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт. Коронавирустун айынан уюштуруучулар салтанаттуу ачылыш аземинен баш… Кененирээк…

Бишкекте Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин жана бала бакчанын курулушу башталды

Бишкекте Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин жана бала бакчанын курулушу башталды. 3 кабаттуу мектеп 750 орунга эсептелген.   Анда окуу корпусу, спорт, акты залдары, китепкана, бий бөлүмү, ашкана каралган.   Ал эми бала бакча эки кабаттуу болуп, 280 бөбөктү кабыл алат. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде… Кененирээк…

Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылды

Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылды.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, пункттар “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын бөлүмүндө жана эки Калкты тейлөө борборлорунда иштеп баштады.   Алар Чүй проспекти 96, Жаш Гвардия бульвары 4 жана Жибек Жолу 381 даректеринде жайгашат. Вакцина алууну каалоочулардын жанында паспорту болушу керек.