Жаңы окуу жылына карата 20 мектеп пайдаланууга берилет

Жаңы окуу жылына карата 20 мектеп пайдаланууга берилет. Novosti.kgге мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, тизмеде пайдубалынан баштап курулган мекемелер жана кошумча корпустар бар. Объектилер өлкөнүнбардык аймактарына туура келет. Долбоорлордун бир бөлүгү Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен ишке ашса, калганы мамлекеттик бюджеттен каржыланды. Жаңы мектептер 100дөн… Кененирээк…

Бишкекте жаңы №17-автобустун маршруттук каттамы ачылды

Бишкекте жаңы №17-автобустун маршруттук каттамы ачылды. Мэриядан билдиришкендей, автобустар Кызыл куруучу – Кызыл-Аскер багыты боюнча шакекче схемасында каттайт. Траспорттун пландык чыгышы  15 сом. Бүгүн тесттик режимде маршруттук каттамга 8 унаа кое берилди.

Кадамжай районунда быйылкы окуу жылына карата жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Баткен облусунун Кадамжай районунда быйылкы окуу жылына карата жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Билим берүу объектиси Чуңкур-Кыштак айылында курулууда жана ал 275 окуучуга чакталат. Учурда мектептин курулуш иштери 80 пайызга бүтүрүлдү. Анда билим алууга бардык шарттар каралат. Долболорду ишке ашыруунун баасы 723 миң доллар.

«Коопсуз шаар — 2» долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын көчөлөрүндө камералар орнотула баштады

«Коопсуз шаар — 2» долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын көчөлөрүндө камералар орнотула баштады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, иштер башталып, ордо калаанын Тыналиев — Масалиев, Токтоналиев — Масалиев жана Токомбаев — Жукеев Пудовкин көчөлөр кесилишинде аткарылууда. Ал эми Токмоктун 6 көчө кесилишинде жабдуулар пайда болот.… Кененирээк…

Каракол шаарындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы сентябрдан тартып калкка кызмат көрсөтө баштайт

Каракол шаарындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы сентябрдан тартып калкка кызмат көрсөтө баштайт. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мекеме жай айларында оңдоо иштери үчүн жабылган. Учурда жумуштар аяктоо алдында турат. Объектиде кардарларды тейлөө үчүн бардык шарттар каралды, кабыл алчу бөлүмдөгө 20 адам бирдей кайрыла алат. Ошондой эле жарандар электрондук… Кененирээк…

Ош шаарында 31-августта жаңы бала бакча пайдаланууга берилет

Ош шаарында 31-августта жаңы бала бакча пайдаланууга берилет. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Туран кичирайонунда жайгашкан 120 орундуу мектепке чейинки даярдоо мекемеси учурда 90 пайызга даяр. Бүгүнкү күндө айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда. Курулуш иштерине 27 миллион сом багытталды. Каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилди.

Кыргызстандыктарга шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактап алуу сунушталат

Кыргызстандыктарга шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактап алуу сунушталат. Мындай кайрылууну БШК Жогорку Кеңешти шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында таратууда. Мыйзамга ылайык, шайлоочулар тизмесине 18 жашка чыккан жана биометрикалык маалыматын тапшыргандар гана киргизилет. БШКдан белгилешкендей, өлдө паспорттогу дареги менен учурда жашап жаткан жери айырмаланган жарандар бар. Жеке маалыматтарды… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 2 миллиард 615 миллион кубометрге аз

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 2 миллиард 615 миллион кубометрге аз. “Электр станцияларынын” сайтындагы маалыматка караганда, былтыр ушул эле күнү көрсөткүч 14 миллиард 582 миллион кубометрге жетсе, быйыл 12 миллиарддан төмөн. Анын ортосунда учурда вегетациялык сезондун туу чокусу болгону менен мөңгүлөрдүн эриши жай болуп жатат.… Кененирээк…

Токио Олимпиадасынан медаль уткан спортчуларга сыйлык тапшыруу аземи   23-августта өтөт

Токио Олимпиадасынан медаль уткан спортчуларга сыйлык тапшыруу аземи   23-августта өтөт.   Novosti.kgге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, күмүш медалдарга ээ болгон Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбековага 7 миллион сомдон, ал эми коло медаль тагынган Мээрим Жуманазаровага 5 миллион сом берилет.   Сертификаттарды тапшыруу аземи… Кененирээк…

Кыргызстанда бир суткада 25 миңден көп адам эмделди

Өткөн суткада өлкөдө 25 886 киши коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.   Анын ичинен 8 305и вакцинанын биринчи дозасын сайдырса, калган 17 581и вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.   Жалпысынан өлкөдө 622 845 адам вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи… Кененирээк…