Быйыл жарым жылдыкта берилген чакан насыянын 3/1 бөлүгү айыл-чарбасына багытталды

Быйыл жарым жылдыкта берилген чакан насыянын 3/1 бөлүгү айыл-чарбасына багытталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, микрокредиттик уюмдар тарабынан 17 миллиард 700 миллион сом насыя берилди. Алуучулардын саны 329 миң адамды түздү. Муну менен чакан насыя алган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалдан баштап, коло үчүн болгон беттеште Польшанын спортчусун жеңди. Бул медаль Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы үчүн бул турнирде экинчи медаль,… Кененирээк…

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы 2,5 миллион сомго белгиленет

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы 2,5 миллион сомго белгиленет. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, майрамдык программага ылайык, салтанат борбордук аянтта өтөт, 7 боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көзгөзмөсү менен башталат. Андай кийин шаңдуу ыр-бий менен коштолуп, театрлаштырылган оюн өткөрүлөт. Иш-чаранын кечки бөлүгү 7,5да ачылып, концерттик программа… Кененирээк…

Германия Кыргызстанга  коронавируска каршы вакцина берет

Германия Кыргызстанга  коронавируска каршы вакцина берет. Бул тууралуу биздин өлкөдөгү Германиянын элчиси  Габриэла Геллил билдирди. Анын айтымында, препараттын 110 миң дозасы COVAX механизминин алкагында жеткирилет. Логистикалык маселелер кошумча талкууланат. Белгилеп кетсек, буга чейин биздин өлкөгө COVAX программасынын алкагында АстраЗенека вакцинасы жеткирилген