Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар аталды

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар аталды. Жаңыланган ретйингге ылайык, биринчи орунга Даниянын Копенгаген шаары чыкты. Экинчи орунда Торонто, үчилтикти Сингапур бекитет.   Тизмеге ошондой эле, Сидней, Токио, Амстердам жана Гонконг кирди.   Эксперттер рейтингди түзүүдө санарип маалыматынын коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, инфраструктура, айлана-чөйрөнү коргоо жана жеке коопсуз… Кененирээк…

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларынын жанындагы жол кесилиштери текшерилет

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларынын жанындагы жол кесилиштери текшерилет. Мэриянын маалыматына ылайык, зарыл болсо, жол чийиндери жаңыртылат.   Бир катар ведомстволордун өкүлдөрү кирген атайын комиссия ишин жакынкы күндөрү баштайт. Биринчи кезекте Манас-Горький, Тыналиев-Ахунбаев жана Чүй-Ауэзов көчө кесилинтери текшерилет.   Тиешелүү тилкелерге арыздар шаар тургундарынан келип… Кененирээк…

Жаңы окуу жылында 20 мектеп колдонууга берилет

Жаңы окуу жылында 20 мектеп колдонууга берилет. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, тизмеге жаңы курулган имараттар дагы, кошумча корпустар дагы кирет.   Объектилер өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан. Долбоорлордун бир бөлүгү Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына курулса, калганы мамлекеттик бюджеттен каржыланды.   Мектептер 100дөн 375… Кененирээк…

Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартылат

Кыргыз-казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Тасма Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз улуттук киностудиянын көмөгү менен тартылып, ага Руслан Машрапов режиссерлук кылууда. Демилгени Маданият,… Кененирээк…

Нарында эгемендиктин отуз жылдыгына арналган фестиваль өтүп жатат

24-августта Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта эгемендиктин 30 жылдыгына карата “Кыргыз шырдагы”, “Оймо” жана манасчы, акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган республикалык “Манас” фестивалы өтүп жатат. Маданий иш-чарага республиканын бардык облустарынан манасчылар, кол өнөрчүлөр, уздар келип катышууда. Фестивалдын башталышында бир саат «Манас» айтылды.… Кененирээк…

Facebook жаңы функция киргизет

Facebook жаңы функция киргизет. Жаңычылдык негизги тиркеме аркылуу аудио жана видео чалууларга мүмкүнчүлүк берет.   Буга чейин  колдонуучулар атайын Мессенджер тиркемесин көчүрүп, смартфон аркылуу гана чала алчу.   Ал эми жаңы функция бир тиркемеден экинчисине өтүү зарылчылыгынан ажыратат. Жаңычылдык тестирлөөдөн өтүп жатат.

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүү ниетинде

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүү ниетинде. Учурга карата ал 82 чакырымды сүзүп өттү.   Дагы 98 чакырым калды. Уюштуруучулардын айтымында, спортчу Бостери айылына келип калды.   Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кайык менен  жандап жүрөт. Шулико 22-августта Каракол шаарындагы жээктен сүзүп баштап,… Кененирээк…

Жеке ишкерлер соода кылган жери жана ишкерлик тууралуу маалыматты камтыган QR-код орнотууга милдеттендирилет

Жеке ишкерлер соода кылган жери жана ишкерлик тууралуу маалыматты камтыган QR-код орнотууга милдеттендирилет.   Мындай демилге менен Экономика жана каржы министрлиги чыкты. Код товар же кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү үчүн жеткиликтүү жарыяланышы керек.   Ал аркылуу кардарлар ижара алуучу жана соода аянтынын ээси тууралуу бардык маалыматты… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин айлыгы жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Министрлер кабинетинин токтом долбоору даяр.   Документке ылайык, аскер кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөт. Андан тышкары, алардын кызматы өзгөчө шарттарда өтө турганын эске алуу менен, ушул жылдын 1-сентябрынан… Кененирээк…

Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду абактан үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бүгүн 24-августта анын бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто каралып, Биринчи Май райондук сотунун аны 30-сентябрга чейин абакта кармоо тууралуу чечими күчүндө калтырылганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы билдирди.   Улуттук… Кененирээк…