Бразилиялык модель Луана Сандиен  Лионель Мессинин көз жашы аарчылган бет аарчыны, 600 миң долларга сатып алууга даяр

Бразилиялык модель Луана Сандиен  Лионель Мессинин көз жашы аарчылган бет аарчыны, 600 миң долларга сатып алууга даяр. Ал бет аарчы менен сүрөткө түшүүнү пландап жатат.   Эске салсак, Месси “Барселона” клубу менен коштошуу конференциясы учурунда ыйлап, бет аарчы менен жашын сүрткөн. Кийин ал бет аарчы 1 миллион… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 3 кабаттуу имарат бир сменада  480 окуучуну батырууга ылайыкталат.   Бул жерде негизги окуу корпусунан тышкары ири китепкана, медицина кабинети жана башка техникалык бөлмөлөр каралган.

Эми Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары дагы көбөйөт

Эми Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары дагы көбөйөт.   27-августтан тарта аталган өлкө Кыргызстанга болгон рейстеринин санын көбөйтөт. Бул күндөн тарта Москва-Бишкек багыты ачылат.   Бул каттам жумасына 7 күн бою аткарылат. Бишкек жана Ошко эми Новосибирск, Красноярск, Казань, Екатеринбург, Иркутск, Грозный шаарларынан келсе… Кененирээк…

Түп районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрдү

Түп районунда нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу агымы эки айылды каптады.   Шаты айылында эки үйдүн короосу жана ички жолдор жабыркаса, Балбай айылында – мүрзө суу алдында калды.   Учурда министрликтин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жеринде тазалоо иштерин аткарууда.

ПЦР-тесттин жыйынтыгын жасалмалоо фактысы боюнча министрлер кабинети чара көрөт

ПЦР-тесттин жыйынтыгын жасалмалоо фактысы боюнча министрлер кабинети чара көрөт.   Буга чейин журналисттер иликтөө жүргүзүп, чет мамлекетке чыгууну каалагандарга ковидге жасалма тест маалымкаты берилип жүргөнүн аныкташты.   Ички иштер министрлигине бул факты жана материалдарды текшерүү, Саламаттыкты сактоо министрлигине  айрым жеке лабораториялардын ишмердүүлүгүн карап чыгуу, ал… Кененирээк…

31-августтан кийин Афганистан эч кимди чыгарбайт

«Талибан»* кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды чыгарууга тыюу салат. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид кабарлаган.   «Биз 31-августтан кийин эвакуациялоо боюнча операцияларга жол бербейбиз”, — деди ал.   Мындан тышкары, Муджахид Кабул аэропортуна жолдор жабык экенин айтып, ал жакка азыр чет элдик жарандар гана… Кененирээк…

Кыргызстанда номиналдык маянанын көлөмү 19 миң 395 сомду түздү

Кыргызстанда номиналдык маянанын көлөмү 19 миң 395 сомду түздү. Көрсөткүч чакан ишканаларды эсепке албаганда быйылкы жылдын жарым жылдыгына карата түзүлдү, — дешти Улуттук статистика комитетинен. Маалыматка караганда, сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9 пайызга көбөйдү. Анын ортосунда эң жогорку номиналдык эмгек акы Бишкекте –… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров «Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Курамы: Кыргызстандын президенти — Коопсуздук кеңешинин төрагасы; Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары; Коопсуздук кеңешинин катчысы; Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү. Коопсуздук кеңешинин… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Түп районунда сел жүрдү

Ысык-Көлдүн Түп районунда 25-август күнү саат 18:10дор чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген суулар үйлөрдүн короолорун каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Шаты айылында кокту колоттордон келген суулар Супатай көчөсүндөгү арыкка батпай, эки турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолду каптаган. Ошондой эле… Кененирээк…

Эртең, 26-августта Бишкек, Ош жана Токмоктун мэрлери шайланат

Эртең, 26-августта Бишкек, Ош жана Токмоктун мэрлери шайланат. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттаган. Ордо калаага Айбек Жунушалиев, Ошко Алмаз Мамбетов жана Токмокко Урмат Самаев менен Кубатбек уулу Азат көрсөтүлдү. Калаа башчыларын шаардык кеңештердин депутаттары тандайт.