Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы ушул жумада аягына чыгат

Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы ушул жумада аягына чыгат. Тагыраагы, 31-августтан кийин жарандарга акысыз ID-паспорттор берилбейт, — дешти Novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан. Буга чейин мамлекеттин карамагындагы социалдык мекемелерде жашаган 5 категориядагы жарандарга документтер берилди. Бүгүнкү күндө документ алуу үчүн 261 арыз түшкөн, анын 199у боюнча… Кененирээк…

ЕАЭБ аймагына убактылуу кирген унаалар бир айдан кийин чыгырылышы зарыл

ЕАЭБ аймагына убактылуу кирген унаалар бир айдан кийин чыгырылышы зарыл. Тагыраагы, 30-сентябрда пандемия башталганга чейин убактылуу ташылып келинген машинелердин биримдик аймагында туруу мөөнөтү аяктайт, — дешти Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматынан. Андан белгилешкендей, эгер талаптар аткарылбаса бажы алымдары жана салык толугу менен төлөнөт.

Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылды

Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылды. Милициянын кайгуул кызматынан эскертишкендей, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата бүгүн түнкү саат 10го чейин даярдык иш-чаралары өтөт. Ал учурда Чүй көчөсүнүн Орозбеков менен кесилишинен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралык жана Абдумомунов көчөсү Орозбеков менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейин жабылды.… Кененирээк…

Республикада Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп жаткан мектептерден үнөмдөлгөн каражатка дагы 3 билим берүү объектиси салынат

Республикада Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп жаткан мектептерден үнөмдөлгөн каражатка дагы 3 билим берүү объектиси салынат. Быйыл жыл аягына чейин өлкө боюнча курула турган 27 мектепке 30 миллион доллар сарпталмак. Бирок үнөмдөлгөн 1 миллион 200 миң доллар каражат менен Ысык-Көл облусунда 60, 100 орундуу 2… Кененирээк…

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен республика боюнча 27 мектеп пайда болот

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен республика боюнча 27 мектеп пайда болот. Объектилер ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына туура келет, — деп билдиришти Novosti.kgге мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен. Учурда 7 объектиде курулуш иштери аяктады, калганын пайдаланууга берүүнүн мөөнөтү жыл аягына чейин. Долбоорлорду ишке… Кененирээк…

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Novosti.kgге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, күч түзүмдөрү 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Иш-чаралар өтүп жаткан учурда республикадагы бардык милиция бөлүмдөрү жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөйт.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркияда Манастын эстелиги ачылат

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркияда Манастын эстелиги ачылат. Өлкөнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, айкелдин ачылыш аземи эң чоң деп эсептелген Кечиөрен муниципалитетинде 31-августта өтөт. Андан тышкары, Анкарада сүрөт көргөзмөсү ачылган. Ага Кыргызстан тарыхын, маданиятын, жаратылышын жана салттуу жашоосун, улуттук оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду. Кирүү акысыз.

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, медициналык мекемеде жогорку технологиялуу операциялар жана дарылоолор жүргүзүлөт. Бул өз кезегинде дарылануу үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын санын азайтат. Андан ошондой эле чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптар дагы медициналык жардам ала алышат.… Кененирээк…

Аламүдүн районунун Озерная айылындагы мектеп 15-сентябрда пайдаланууга берилет

Аламүдүн районунун Озерная айылындагы мектеп 15-сентябрда пайдаланууга берилет. Novosti.kgге архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда объектиде курулуш иштери аяктап, тышкы көрктөндүрүү жана жабдууларды орнотуу иштери аткарылууда. 375 орундуу мектеп 4 блоктон турат жана анда 18 класс бөлмөлөрү бар. Андан тышкары, билим берүү мекемеси көмүр… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы окуу жылы эми ар дайым 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы эми ар дайым 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу 24 агенттигине министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка караганда, документтерде 1-сентябрь 15 деген санга гана өзгөртүлдү. Бирок, коомдук-саясий кырдаалга жараша чечим кайра каралышы ыктымал. Ал эми жаңы чечим ковидге байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалга жана вакцинацияга байланыштуу, ошондой… Кененирээк…