Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди

Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы эрежеге ылайык, парламент 90 депутаттан турат жана алар 5 жыл сайын дайындалат. Шайлоо аралаш системада өтөт: 36 депутат бир мандаттуу, 54ү партия ичиндеги талапкерди тандоо менен шайланат

Ош шаарында айыл-чарба жарманкеси өтөт

Ош шаарында айыл-чарба жарманкеси өтөт. Эртең, Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына карата  саамалык борбордук аянтта өтөт. “Жарманкеде ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары сатылат. Негизинен кондитердик жана сүт азыктары арзан баада коюлат. Жарманкеге ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдары да чыгарылат.

Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды

Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, эс алуу аймагы Масалиев менен Токтоналиев көчөлөр кесилишинде жайгашат. Сейил бактын борборунда боз үй сымал 800 орундуу амфитеатр курулуду. Чыгыш бөлүгүндө улуттук ордо оюну үчүн атайын аянтча бөлүндү. Андан тышкары, сейил бакта комуздун инсталляциясы менен фонтан, майыптыгы… Кененирээк…

Жалал-Абадда автобустардын жол киреси 5 сомго кымбаттады

Жалал-Абадда автобустардын жол киреси 5 сомго кымбаттады. Калаа мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыны шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы жогорулатты. Бул, жол киренин арзандыгы, ал эми күйүүчү-майлоочу майлар жана тетиктердин кымбаттыгынан автобустар өз чыгымын жаба албай калганына байланыштуу. Анын ортосунда шаардагы 1-класстан 5-класска чейинки… Кененирээк…

Республика боюнча милиция кызматкерлери иштин күчөтүлгөн режимине өттү

Республика боюнча милиция кызматкерлери иштин күчөтүлгөн режимине өттү. Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт, — дешти Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн графикте бүгүнтөн тартып 1-сентябрга чейин иш алып барат. Иш-чаралар өтүп жаткан учурда республикадагы… Кененирээк…

Таласта Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталды

Таласта Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталды. Президент аппаратынан билдиришкендей, иштер Киров суу сактагычында жүрүп жатат. ГЭС  ишке киргенден кийин жылына 92 миллион кВт-саат электр энергиясын өндүрө алат. Долбоорду ишке ашырууга дээрлик 23 миллион доллар керектелет. Каржылоо Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан болсо, куруу, монтаждоо иштерин ата мекендик… Кененирээк…