“Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски Чемпиондор лигасында тарыхый ийгилик жаратты

“Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски Чемпиондор лигасында тарыхый ийгилик жаратты. Ал турнирдин алкагында 18 мелдешти катары менен утуп алды. Бул Чемпиондор лигасынын тайпалык этабынын экинчи турунда киевдик “Динамо” менен оюнда болду. Беттеш Мюнхендеги “Альянц-Арена” стадионунда өтүп, 5:0 эсебинде жыйынтыкталды. Бул мелдеште польшалык чабуулчу дубль жаратты.

Франциянын мурунку президенти Николя Саркози эркинен ажыратылды

Франциянын мурунку президенти Николя Саркози эркинен ажыратылды. BFM.TV билдиргендей, өлкө башчы абакка камалбайт, бирок электрондук билерик тагынууга милдеттүү болот. Бул анын кыймылын чектейт. Эске салсак, мурдагы өлкө башчыга жаза колдонуу чарасы 2012-жылкы шайлоо өнөктүгүнө ашыкча каражат колдонгону үчүн көрүлүүдө. Саркози анда 22 миллион евронун ордуна… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районундагы айланма жолду оңдоо иштери башталды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы айланма жолду оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин аймактагы бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош — Кара-Суу жолундагы 5 чакырым жол октябрда толук оңдолуп бүтөт. Иштерди жүргүзүүгө 170 миллион сом багытталат. Белгилеп кетсек, айланма жол аркылуу Ош — Кара-Суу… Кененирээк…

Токиодогу эл аралык аэропортто кызыктуу учур катталды

Токиодогу эл аралык аэропортто кызыктуу учур катталды. Бул жерде ташбаканын айынан кыймыл токтотулду. Жаныбарды учуп-конуу тилкесинен учкуч байкап калган. Ал бул тууралуу диспетчерлерге кабарлаган. Ташбаканы куткаруу иштери 15 мүнөткө созулду. Мындан улам, 5 каттамдын учуу убактысы жылдырылды. Аба майдандын администрациясы ташбаканын учуу тилкесине кайдан келип… Кененирээк…

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат. Жумуштар 4-октябрдан 8-октябрга чейин Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында жүргүзүлөт, — дешти «Кыргыз темир жолу» ишканасынан. Маалыматка ылайык, аталган күндөрү эртең мененки саат 9дан 3кө чейин жолдун бир тарабы тосулат, унаалар бир тараптуу журөт. Андан улам, айдоочуларга каттамдарды эртелеп… Кененирээк…

Сузак районунда 4 адамдан сибирь жарасы аныкталды

Сузак районунда 4 адамдан сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциалар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди. Анын айтымында, 8 адам илдетке шектелип ооруканага жаткырылды. 4 адамдын анализи даяр болсо, калгандарынын жыйынтыгы эртең билинет. Ошондой эле байланышы бар 20… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда алмурут жана алма сезону башталды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда алмурут жана алма сезону башталды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, быйыл былтыркыга салыштырмалуу түшүм көп болду. Райондо жемиштерди кабыл алган 10дон ашык түйүн иштеп жатат. Белгилеп кетсек, алма жана алмурут барынан көп Дархан, Жеңиш, Ак-Терек, Жаргылчак жана Барскоон айылдарынан чогултулууда

Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси бир сменада 480 окуучуну өзунө батыра алат. Имаратта класстар, процедуралык, методикалык кабинеттер, акты жана стпорт залдары болот. мэриядан белгилешкендей, 2023-жылы ордо калаанын конуштарында 4 мектеп, бир кошумча корпус жана 5 бала бакча курулат

Жарандар шайлоодо бир гана жеке ID-картасы менен добуш бере алат

Жарандар шайлоодо бир гана жеке ID-картасы менен добуш бере алат. БШКдан түшүндүрүшкөндөй, өздүгүн тастыктаган башка документтер – айдоочулук жана туургандыгы тууралуу күбөлүктөр, аскердик билет шайлоо учурунда колдонулбайт. Эске салсак, Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Добуш берүү аралар системада өтөт.

Коронавируска каршы Sinovac вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлүп, жеткирилди

Коронавируска каршы Sinovac вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлүп, жеткирилди. Препарат кампаларда сакталуу, — деп 24 агенттигине имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Ал белгилегендей, медицина кызматкерлеринде вакцинаны максаттуу бөлүштүрүү жана пайдалануу планы бар. Алар жарактуу мөөнөтүнө байланыштуу. Алсак, Sinovac 2024-жылга чейин жарамдуу, андыктан ага чейин QazVac же… Кененирээк…