Ош облусунун Араван районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, объекти 60 бөбөккө чакталат жана анда балдар үчүн бардык жабдуулар орнотулуп, шарттар түзүлдү. Курулуш иштерине 24 миллион сом багытталды. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күндө бакчага балдар кабыл алынууда.

Бишкекте 31 көчөдо оңдоо иштери уланууда

Бишкекте 31 көчөдо оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, калыбына келтириле турган тилкелердин жалпы узундуг 41 чакырымды түзөт. Учурда аларда үстүңкү жана алдыңкы асфальт катмары төшөлүүдө. Жолдорду ноябрга чейин пайдаланууга берүү пландалуда. Белгилеп кетсек, Бишкекте «Жол тармактарын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында узундугу 70 чакырымды түзгөн 60… Кененирээк…

Бишкектеги Тарых музейи кирүүчүлөр үчүн качан ачылары белгисиз

Бишкектеги Тарых музейи кирүүчүлөр үчүн качан ачылары белгисиз. Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, музейди ачуу маселеси талкууланууда. Эске салсак, музей 2016-жылы оңдоп иштерине жабылган. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Андан тышкары, Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги тарабынан 15 миллион доллар каржыланган.… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 26га жетти

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 26га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2-сентябрда «Ата-Журт Кыргызстан», «Мекенчил Эл», «Адилет», «Ак Бата», «Социалист», «Тилектештик», «Аалам», «Ынтымак», «Күч биримдикте» жана «Азаттык» демократиялык партиясы жазуу түрүндө кайрылган. Буга чейин БШКга «Социал-демократтар»,… Кененирээк…

АКШда 69 жаштагы сүрөтчү таштандылардан имарат курду

АКШда 69 жаштагы сүрөтчү таштандылардан имарат курду. Ал үйдү тургузуу үчүн 40 жыл бою таштанды чогултту. Таштандылардан мозаика жана фигуралар менен кооздолгон өзгөчө имарат Оклахома штатында жайгашат. Курулуш материалдарынын ордуна алюминий банкалар жана ташталган оюнчуктар колдонулду. Имарат үч кабаттан турат. Ашкана, уктоочу бөлмө, эки жуунуучу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинде курулуш иштери аяктады жана ал окуу процесси үчүн толук даяр. 2 кабаттан турган объекти 150 окуучуга чакталат. Долбоорду ишке ашырууга дээрлик 50 миллион сом багытталды.

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 23кө жетти

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 23кө жетти. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 3-сентябрда, кечки саат 6да аяктайт. Ал эми үгүттөө өнөктүгү 29-октябрда старт алат. Шайлоонун өзү 28-ноябрга белгиленди.

Кытай бийлиги мектеп окуучуларына видео оюндарды ойноого тыюу салат

Кытай бийлиги мектеп окуучуларына видео оюндарды ойноого тыюу салат. Жаңы эрежеге ылайык, 18 жашка чейинки балдар аптасына 3 сааттан ашык ойной албайт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү онлайн оюндарын ойноого бир саатка гана уруксат берилет. Мындай чара өспүрүмдөрдүн онлайн оюндарына болгон көз карандылыгын… Кененирээк…

АКШнын Калифорния штатындагы Эль-Дорадо аймагынан 30 миңдей адам эвакуацияланды

АКШнын Калифорния штатындагы Эль-Дорадо аймагынан 30 миңдей адам эвакуацияланды. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, буга чыккан ири өрт себеп болду. Штаттын чыгышындагы Сьерра Невада тоолуу аймактарында августтун ортосунда башталган өрттүн аянты 700 чарчы метрден ашып, өрт эл жашаган аймактарга жакындады. Натыйжада калкты коопсуз жайга эвакуациялоо жарыяланды. АКШнын… Кененирээк…

Бишкектеги коомдук унааларда санитардык талаптар күчөтүлдү

Бишкектеги коомдук унааларда санитардык талаптар күчөтүлдү. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, бул жаңы окуу жылы салттуу режимде баштала турганына байланыштуу. Алсак, жумасына эки ирет рейд жүргүзүлөт. Анда атайын жумушчу топтун кызматкерлери жүргүнчүлөргө коомдук унааларда бет кап кийип, социалдык аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан тышкары, алар троллейбустардын… Кененирээк…