Эквадордун президенти Гильермо Лассо өлкөнүн бюджетин үнөмдөө үчүн жеке учагын сатат

Эквадордун президенти Гильермо Лассо өлкөнүн бюджетин үнөмдөө үчүн жеке учагын сатат. Бул тууралуу ал Твиттерге жарыялады. Белгилеп кетсек, өлкө башчынын учагы Эквадор бийлиги тарабынан 2008-жылы 28 миллион долларга сатып алынган. Учакта үч кабина жана ашкана бар, ал ошондой эле 14 жүргүнчүнү батыра алат. Эске салсак,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алгачкы ирет заманбап ат майданы пайда болот

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алгачкы ирет заманбап ат майданы пайда болот. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жеринде аянтты, сазнаны жана көрүүчүлөр отура турагн жерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 9 миллион сом бөлүнүп берилди. Курулуш иштери быйыл жыйынтыкталат.

Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин кошумча имараты ачылууга даярдалууда

Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин кошумча имараты ачылууга даярдалууда. Билим берүү мекемеси 500 орунга чакталат. Бүгүнкү күндө  айланасын жашылдандыруу, ирээтке келтирүү иштери аткарылууда. Курулуш иштерине каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп берилет. Күтүлгөндөй, жаңы имаратта балдар октябрдан тартып окуп калат.

Жети-Өгүз районунда дагы бир тигүү цехи ачылды

Жети-Өгүз районунда дагы бир тигүү цехи ачылды. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, өндүрүштө 100 адамга жумуш орду түзүлдү. Цех Жон-Булак айылында жайгашкан. Башкы максат – айыл тургундарын жумуш менен камсыздап, жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү. Анда тигилген кийимдер Кыргызстан боюнча жана чет өлкөлөрдө сатылат. Ишкананы ачууга 8 миллион… Кененирээк…

Ош шаарынын 11 көчө кесилишине «Коопсуз шаардын» камералары орнотулду

Ош шаарынын 11 көчө кесилишине «Коопсуз шаардын» камералары орнотулду. Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында түштүк калаанын 35 негизги кесилишинде 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстер пайда болот, — дешти Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан. Ошто борбордук серверди түшүрүү үчүн маалыматты алгачкы иштетүү менен алектенген көмөкчү… Кененирээк…

Электрондук патентке смартфон аркылуу буюртма берип, акысын ошол эле жерден төлөөсө болот

Электрондук патентке смартфон аркылуу буюртма берип, акысын ошол эле жерден төлөөсө болот. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жаңычылдык салык процедураларын санариптештирүү боюнча «Смарт салым» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Реквизиттер менен төлөмдүн суммасын сервис автоматтык түрдө даярдап берет. Жаран болгону транзакцияны тастыкташы керек болот.

Жалал-Абад шаарында автобустар кайрадан каттап баштады

Жалал-Абад шаарында автобустар кайрадан каттап баштады. Жарандар шаар боюнча 8 каттам боюнча жүрө алышат. Автобустар техникалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ички эмеректери жаңыланып, тышы сырдалды. Эске салсак, буга чейин шаардык кеңештин токтому менен жол кире 5 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн. Ал эми 5-класска чейинки окуучулар автобустарда акысыз… Кененирээк…

Оштон Түркияга жаңы аба каттам ачылды

Оштон Түркияга жаңы аба каттам ачылды. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Стамбул – Ош – Стамбул» багыты боюнча учактар 1-октябрдан тартып жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Аба жолдор жумасына 3 ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 5,5 саатты  түзөт.

Жаңы окуу жылында мектептерде беткап кийүү милдеттүү болбойт

Жаңы окуу жылында мектептерде беткап кийүү милдеттүү болбойт. Бул тууралуу мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Кусейинова билдирди. Анын айтымында, санитардык нормалар, колду жууп, антисептик колдонууну эс ким жокко чыгарган жок. Бирок мурда беткап тагынуу милдеттүү түрдө болсо, эми балдардын… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат

Жогорку Кеңешти шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат. БШКдан билдиришкендей, алгач добуштар саналат жана бир мандаттуу округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгат, андан кийин бирдиктүү шайлоо округ боюнча. Эске салсак, шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Учурга карата 26 партиядан жарышка катышууга арыз келип түштү.