Бишкектин айрым аймагында 2 күн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында 2 күн электр энергиясы өчүрүлөт. «Түндүк электрдин” маалыматына караганда, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин Ак-Өргө конушунун  Ынтымак, Проектируемая, Соң-Көл, Тимур Фрунзе, Адилет, Мурманская көчөлөрүндө, ал эми эртең ушул эле убакта Үсөнбаев, Күрөңкеев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жарык жок болот. Өчүрүүлөр… Кененирээк…

Кыргызстан Россияда өткөн “Танк биатлону” мелдешинин 2-дивизионунун финалында биринчи орунду ээледи

Кыргызстан Россияда өткөн “Танк биатлону” мелдешинин 2-дивизионунун финалында биринчи орунду ээледи. Кыргызстандык аскерлер төрт өлкө күч сынашкан мелдеште Т-72 танкы менен катышты. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчүнү Мьянма жана төртүнчү орунду Түштүк Осетия ээледи. Таймаш Москва облусундагы “Алабино” полигонунда өттү.  Белгилеп кетсек, “Танк биатлону” эл аралык… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууну каалаган партиялардан билдирүүлөрдү кабыл алуу токтотулду

Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууну каалаган партиялардан билдирүүлөрдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 саясий партия билдирди. Добуш берүүгө катышууну каалаган бир мандаттуу талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 6-сентябрда аяктайт. Эске салсак, Жогорку Кеңешти шайлоо 28-ноябрга белгиленди.

Чүй облусунун Панфилов районуна жаңы аким дайындалды

Маил Алияскаров Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик-администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бакыт Козуев берген арызынын негизинде Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.

АКШда куюндан 44 адам каза тапты

АКШнын түндүк-чыгышында катталган тропикалык «Ида» бороонунун кесепетинен каза тапкандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, «Ида» аталышындагы бороон өлкөнүн чыгыш тарабынан башталып, Луизиана жана Нью-Жерси штатында, Нью-Йорк шаарында олуттуу зыяндарды алып келген. Ошондой эле бороон нөшөрлөгөн жаанга жана… Кененирээк…