Дөөлөт Сыдыков Москвада 111 саат манас айтты

Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн манас айтуусун жыйынтыктады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда манасчынын абалы жакшы.   Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кеткен. Иш-чара 31-августта Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында… Кененирээк…

Сонунбек Жунусбаев Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Сонунбек Жунусбаев Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Аны дайындоо боюнча буйрукка бүгүн, 6-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон. Сонунбек Жунусбаев Ош шаарындагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт. Буга чейин бул кызматты Асылбек Топчубаев аркалап келген.

Ордо калаада жол чийиндерин түшүрүү боюнча жаңы технология сыналууда

Ордо калаада жол чийиндерин түшүрүү боюнча жаңы технология сыналууда.   Кечээ “Бишкек асфальт сервистин” кызматкерлери жаңы аппараты колдонуп, Орозбеков жана Васильев көчө кесилишинде жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн жаңыртты.   Техниканын башкы өзгөчөлүгү – чийин тайгалак болбойт, — дешти мэриядан.

Ошто өсүмдүк майы арзандап баштады

Ошто өсүмдүк майы арзандап баштады. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, сентябрдын башынан бери пахта майынын бир литри 30 сомго, ал эми күн карама майы 20 сомго арзандады.   Андан тышкары, түштүк калаада жүгөрү жана буудайдын баасы 3-5 сомго төмөндөдү.   Учурда жүгөрүнүн килограммын Оштун тургундары 28… Кененирээк…

Коргоо министри болуп Бактыбек Бекболотов дайындалды

Коргоо министри болуп Бактыбек Бекболотов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Буга чейин Бекболотов Улуттук Гвардияда, Панфилов дивизиясында жана “Бишкек машина куруу” заводунда эмгектенген.   Дагы бир жарлыгы менен Садыр Жапаров Коргоо министри кызматынан Таалайбек Өмүралиевди бошотту.

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Жукеев-Пудовкин, Түлөбердиев, Боталиев, Жаманбаев, айни, Тыныстанов көчөлөрүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Ак-Өргө конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремоннтук иштерге байланыштуу.

Чет мамлекеттерде шайлоо тилкелеринин саны көбөйтүлөт

Чет мамлекеттерде шайлоо тилкелеринин саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу БШКнын отурумунда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, тийиштүү өлкөлөрдөн оң жооп алынса, шайлоо участокторунун саны 48ден 57ге көбөйүшү мүмкүн.   Мекендештердин суранычы менен Хабаровск, Самара, Казань, Краснодар, Томск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталия шаарларында добушканаларды ачуу… Кененирээк…

Кыргызстандын “Шамбала” тасмасы эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргызстандын “Шамбала” тасмасы эл аралык сыйлыкка татыды. Маданият министрлигинин маалытына ылайык, тасма “Мыкты операторлук иши үчүн” аттуу номинацияны жеңип, операторлор Акжол Бекболотов менен Мурат Алиев дипломдор менен сыйланды.   Белгилеп кетсек, тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда биринчи жолу ипподром курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда биринчи жолу ипподром курулууда. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жеринде оюн талаасы, сахна жана көрүүчүлөр үчүн орундуктар курулуп жатат.   Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн. Курлуш иштери ушул жылы аяктайт.

Электрондук патентти эми смартфон аркылуу эле каттап, акысын төлөсө болот

Электрондук патентти эми смартфон аркылуу эле каттап, акысын төлөсө болот.   Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, мындай мүмкүнчүлүк салык процедураларын санариптештирүү боюнча “Смарт салым” долбоорунун алкагында пайда болду.   Белгилеп кетсек, реквизиттерди жана төлөмдүн суммасын сервис автоматтык түрдө көрсөтүп турат, болгону транзакцияны тастыктоо талап кылынат.