Ордо калаанын бир бөлүгүндө бир жумага газ өчүрүлөт

Ордо калаанын бир бөлүгүндө бир жумага газ өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, 13-сентябрдан 20-сентябрга чейин Лев Толстой, Баетов, Алыкулов көчөлөрүн жана Чоң Чүй каналын бириктирген бөлүктө, Кызыл-Аскер, Керемет, Касым, Аска-Таш, Достук конуштарында көгүлтүр от жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте транспортко салык төлөнгөндүгүн текшерүү боюнча рейд башталды

Бишкекте транспортко салык төлөнгөндүгүн текшерүү боюнча рейд башталды.   Салык кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери унаасына салык төлөбөй жүргөн айдоочуларды аныктап жатат.   Рейд бүткүл республика аймагында жүрүүдө. Эске салсак, кыймылдуу мүлккө салык төлөөгө берилген мөөнөт сентябрдын башында аягына чыкты. Өз учурунда төлөм жүргүзбөгөн… Кененирээк…

Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди

Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  вакцина Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында гуманитардык жардам катары берилди.   Sinovac менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык жарандар эмделсе болот. Вакцинанын биринчи жана экинчи дозасынын аралыгы 2-4 жуманы түзөт.… Кененирээк…

Бишкекте “Транзит” рейди жүрүүдө

Бишкекте “Транзит” рейди жүрүүдө.   Ордо калаанын Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 11-сентябрга чейин тартип сакчылар чет элдик жана транзиттик номер менен жүргөн унааларды аныкташат.   Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлөт.

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 миң 500 тонна буудай берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 миң 500 тонна буудай берет.   Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганда айтылды.   Андан тышкары, коронавируска каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары тапшырылат.   Эске салсак, жайында күн катуу ысып… Кененирээк…

БШК парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады

БШК парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюмуна, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна, Ислам конференциясына ошондой эле чет мамлекеттердин бир катар шайлоо комиссияларына… Кененирээк…

Афганистандагы элчи Мирослав Ниязов кызматтан кетти

Кыргызстандын Афганистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 9-сентябрда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.   Мирослав Ниязов Афганистанга элчи болуп 2019-жылы дайындалган. Ага чейин Тажикстанда элчи болуп иштеген.   15-августта «Талибан»… Кененирээк…

БШК Ош шаардык шайлоо комиссиясын таратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын толук курамы менен таратты. Мындай чечим БШКнын 9-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар иштер укук коргоо органдарына жөнөтүлмөй болду. Буга чейин БШК эки партиядан түшкөн арыздын негизинде Ошто саясий партиялардын шаардык… Кененирээк…

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Элчиликти Будапешт шаарында жайгаштыруу менен кыргыз-венгер саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарын өнүктүрүү боюнча токтом чыгарылды.   Министрлер кабинетине Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык маселелерди чечүү тапшырмасы берилди.   Тараптардын ортосунда дипломатиялык мамилелер… Кененирээк…

Японияда Мотимару аттуу мышык Гиннес рекорддор китебине катталды

Японияда Мотимару аттуу мышык Гиннес рекорддор китебине катталды.   Ал Ютубдагы эң популярдуу мышык деп аталды. Шотландиянын жапырт кулактуу мышыгы 2019-жылы туулган.   Анын ээси күн сайын сүйүктүү жаныбарын видеого тартып киргизип турат. Гиннес рекорддор китебинин сайтында жазылгандай, мышыкка сертификат ал эң көп көрүү топтогону… Кененирээк…