Кыргызстанда унааны каттоо боюнча жаңы эрежелер киргизилди

Кыргызстанда унааны каттоо боюнча жаңы эрежелер киргизилди.   “Унаа” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, эми транспорт каражаты толугу менен кароодон өтүп, аны бардык тарабынан сүрөткө тартуу керек.   Андан кийин маалымат жана сүрөттөр электрондук базага катталат. Мекемеден белгилешкендей, жаңы эрежелерди киргизүү менен унаанын текшерүүдөн өткөндүгү оңой… Кененирээк…

Британиялык TimeOut басылмасы дүйнөнүн мыкты шаарларын атады

Британиялык TimeOut басылмасы дүйнөнүн мыкты шаарларын атады. Рейтингди түзүүдө журнал калаанын заманбаптыгын, ыңгайлуулугун, экологиялык жактан тазалыгын жана коопсуздугун эске алды.   Жыйынтыгында, биринчи орунга Сан-Франциско чыкты. Бул шаар жашыл аймактары жана эс алуу бактары боюнча алдыга эч бир калааны чыгарган жок.   Экинчиде “экологиялык таза”… Кененирээк…

Египетте коронавируска кабылган туристтер акысыз дарыланат

Египет бийлиги жергиликтүү мейманканалар менен келишим түзүп, коронавируска чалдыккан туристтерди акысыз дарыламай болду.   Чет элдик басылмалар жазышкандай, эгер туристтин абалы жеңил болсо, анда ал мейманканада калат.   Ал эми оор болсо, ооруканага акысыз жаткырылат. Белгилеп кетсек, учурда Египет дүйнөнүн 40тан ашуун өмамлекетинен туристтерди кабыл… Кененирээк…

Чүй облусунда “Көңүл бургула! Балдар” акциясы жүрүүдө

Чүй облусунда “Көңүл бургула! Балдар” акциясы жүрүүдө.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, иш-чаранын башкы максаты – балдардын катышуусу менен жол кырсыктарынын алдын алуу.   Инспекторлор айдоочулар арасында эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Акция жаңы окуу жылынын башталышына карата өткөрүлүүдө.

Парламенттик шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн алдын ала түзүлгөн тизмеси жарыяланды

Парламенттик шайлоолорго добуш берүүчүлөрдүн алдын ала түзүлгөн тизмеси жарыяланды. Боршайкомдун маалыматына ылайык, ага 3 миллион 617 миң 141 жаран кирди.   Аны менен tizme.gov.kg мамлекеттик порталында таанышса болот. Эгер кандайдыр бир маалыматты өзгөртүү керек болсо, жарандар арыз менен 12-ноябрга чейин кайрылышы керек.   Ал эми… Кененирээк…

Лионель Месси хет-трик жасап, легендарлуу Пеленин рекордунан ашып өттү

Лионель Месси хет-трик жасап, легендарлуу Пеленин рекордунан ашып өттү. Бүгүн Аргентина курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Боливияны 3:0 эсебинде жеңди.   Үч топту тең ПСЖнын футболчусу Лионель Месси киргизди. Муну менен ал Түштүк Америка континентиндеги улуттук командалар үчүн киргизген голодорунун саны боюнча рекорд орнотту.… Кененирээк…

Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 11 көчө кыймылга ачылды

Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 11 көчө кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, алар – Көкчө-Тоо, Ташкент, Каркыра, Дзержинский, Карасаев, Стадионная, Буденный, Жукеев-Пудовкин, Матросов, Шота Руставели жана Өмүракунов көчөлөрү.   Айрымдарында калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктаса, кээ бирлеринде уланууда, бирок тыгындарды алдын алуу үчүн аларды бир… Кененирээк…

Бишкектин бала бакчаларына электрондук система менен 30 миң бала кезекте турат

Бишкектин бала бакчаларына электрондук система менен 30 миң бала кезекте турат.   Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, мындай абал мектепке чейинки билим берүү мекемелери дээрлик 2 жыл иштебей турганына байланыштуу.   Учурда мэрия эпидемиологдордун корутундусун күтүп жатат. Андан кийин бала бакчалардын иштөө… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер дагы эле жетишсиз

Кыргызстанда мугалимдер дагы эле жетишсиз. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылында жалпысынан 2 миңдей педагог жетпейт. Өзгөчө башталгыч класстардын мугалимине суроо-талап курч.   Ведомстводон белгилешкендей, быйыл педагогикалык факультетти бюджеттик негизде 2 миңден ашык студент аяктады. Эгер алардын бардыгы мектептерге мугалим болуп орношсо, жетишсиздик жоюлмак.

Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 2 миңден ашык атайын муздаткыч бар

Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 2 миңден ашык атайын муздаткыч бар. Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдиргендей, 2019-20-жылдары эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 973 атайын муздаткыч алынган. Алар атайын сертификаттарга ээ болуп, бардык талаптарга жооп берет.   Эске салсак, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү… Кененирээк…