Өлкөдө акыркы 10 күндө күйүүчү майдын баасы дагы жогорулаганы байкалды

Кыргыз өлкөсүндө акыркы 10 күндө күйүүчү майдын баасы дагы 56,5 тыйынга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Бааларга мониторинг жүргүзүү бөлүмү жарыялады.   Маалыматта 1-сентябрдан баштап 9-сентябрга чейинки аралыкта күйүүчү майга болгон баанын өсүү тартиби көрсөтүлгөн. А-95 — 60,27 (1-сентябрь) — 60,88 (9-сентябрь) А-92 —… Кененирээк…

Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетинде

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында ал жергиликтүү каналдардын бирине берген маеги учурунда айткан.   Анда ырчы чыгармачылыктан башка жаатта иштөөгө убакыт келгенин белгилеген. Эл артисти наамын алгандан кийин чоң саясатка аралашып көрсөм деген ою болуп… Кененирээк…

Кытайда жарандардын нааразычылыгынан улам 26 миллион долларга жасалган айкел башка жерге коюлат

Кытай бийлиги Цзиньчжоу шаарына орнотулган айкелди башка жакка которуу тууралуу чечим чыгарды. Буга жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы себеп болгонун чет элдик басылмалар жазышат.   Маалыматка ылайык, легендарлуу генерал Гуань Юйдун айкели Цзиньчжоу шаарына 2016-жылы коюлган. Ал дээрлик 26 миллион долларга жасалган, бийиктиги 58 метр. Бул айкелди «Гиннесстин рекорддор… Кененирээк…

Өлкөдө бир суткада коронавируска каршы эмдөөдөн 12 миң 409 адам өттү

Өлкөдө бир суткада коронавируска каршы эмдөөдөн 12 миң 409 адам өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинен 5 миң 913 биринчи дозаны, 6 миң 496 адам экинчи дозаны алган.   Жалпы эмдөөдөн өткөн:   1 доза — 731 693; 2 доза- 518 257.  

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалына Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылууда

Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү Бишкектин чок ортосундагы көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылып жатат. Сүрөт түшүрүлүп жаткан үй калаанын Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Дубал живописи менен DOXA Art Group командасы алектенүүдө. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча өз… Кененирээк…

Бишкектеги кыргыз-түрк форумунда бир катар документтерге кол коюлду

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.   Кол коюлган документтердин тизмеси:   Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;… Кененирээк…

Кыргызстандын 20 сомдук купюрасы 21 эсе кымбат сатылууда

Кыргызстандын 20 сомдук купюрасы 21 эсе кымбат сатылууда. Биздин акча интернет аукционго коюлду. Анын баасы 365 рубль, же 425 сом. Анын наркы 1993-жылы чыккан алгачкы сериядагы купюра болгондугуна байланыштуу.   Ага Манастын сүрөтү түшүрүлгөн. Азыркы тапта өлкөдө IV сериядагы банкноттор колдонулуп жатат.

74 миң кыргызстандыкка Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын, алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын билдирди. Россиянын мыйзамдары боюнча, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Россияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга… Кененирээк…