15-сентябрда салтанаттуу линейка өлкө боюнча мектептерде өтөт

15-сентябрда салтанаттуу линейка өлкө боюнча мектептерде өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул маселе саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылды. Линейканы ачык абада өткөрүү сунушталды, эгер аба-ырайы начар болсо мектептеги акты залында өткөрсө болот. Ошондой эле мектептерде кандай эрежелерди сактоо керектиги боюнча дагы нускама иштелип чыкты. Алгач,… Кененирээк…

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасы дүйнө чемпионатына барат

  Дене тарбия спорт агенттигинен билдиришкендей, биздин команданын атынан дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы барат. Турнир 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтөт.

Быйыл Жалал-Абад облусунун 60 айылы таза суу менен камсыздалат

Быйыл Жалал-Абад облусунун 60 айылы таза суу менен камсыздалат. Облустук администрациядан билдиришкендей, 34 айылдын долбоору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, бул максатта жалпысынан 446 миллион сом керектелет. Калган аймактар боюнча долбоорлор жергиликтүү бюджет, райондук өнүктүрүү фонд жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Талас шаарында жаңы бала бакча ачылды

Талас шаарында жаңы бала бакча ачылды. Облустук администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 70 орунга чакталган. 2 кабаттуу объектте балдар үчүн бардык шарттар каралды. Белгилеп кетсек, курулуш иштерине каражатты жеке демөөрчү бөлүп берди. Так сумма айтылган жок.  

Кыргызстандын аймактарына караганда Бишкекте айлык көбүрөөк

Кыргызстандын аймактарына караганда Бишкекте айлык көбүрөөк. Тагыраагы, быйыл жарым жылдыкта ордо калаада орточо маяна 291 долларды же 24 миң 700 сомду түздү, ал эми республикада орточо айлык аталган суммадан 62 долларга же 5 миң 200 сомго төмөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти. Муну менен… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден ашты. Алардын 740 миңге жакыны биринчи дозаны алса, 521 миңден көбү вакцинациянын курсунан толук өттү, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Андан белгилешкендей, өлкөдөгү 6,5 миллион адамдын 2 миллион 400 миңи эмдөөдөн өтүшү керек. Алардын 70 пайызы… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 13-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Кыргызстандагы мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жоюлууда

Кыргызстандагы мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жоюлууда. Тагыраагы, вакансиялардын орду жогорку окуу жайлардын педагогика факультеттеринин бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөрү аркылуу толукталат, — деди Novosti.kgге билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова. Ал белгилегендей, буга карабай быйылкы окуу жылында 2 миң 245 мугалим жетишсиз. Алар негизинен бардык… Кененирээк…

Азия оюндарына алгачкы ирет киберспорттун бир нече түрү кошулду

Азиянын Олимпиадалык кеңеши (OCA) 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына биринчи жолу киберспорттун бир нече түрү кошулганын жарыялады, деп билдирди монголиялык «Ikon.mn» маалымат сайты. Азия оюндарына төмөнкү 8 компьютер оюну киргизилди: PUBG Mobile, Dota 2, Hearthstone, League of Legends, FIFA, Street Fighter V,… Кененирээк…

Беларусияда картошкага арналган эстелик пайда болду

Беларусияда картошкага арналган эстелик пайда болду. Тагыраагы, Узда шаарында бир себетке толтурулган картошкалар бийик таш үстүнө коюлган эстеликти көрсө болот. Анда ошондой эле «өлкөдө картошка XVII (17) кылымда пайда болгон» деп жазылган. Социалдык тармактын колдонуучулары скульптордун мындай жаңы эмгегин ар кандай нерселерге салыштырып, тамашага алып,… Кененирээк…