Бишкектин айрым жерлеринде 10 күнгө ысык суу өчүрүлдү

Бишкектин айрым жерлеринде 10 күнгө ысык суу өчүрүлдү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 24-сентябрга чейин “Факел”, “КЭЧ-1”, “КЭЧ-2”, “Мектеп-интернаты-1” жана “ВЧ” от казандарында, Фучик көчөлөрүнө ысык суу берилбейт. Ошондой эле аталган тилкеде көгүлтүр от дагы болбойт. Учбактылуу өчүрүүлөр жер алдындагы газ түтүктөрүн оңдоого байланыштуу

Бишкекте жалган унаа токтотмо кызматкери аныкталды

Бишкекте жалган унаа токтотмо кызматкери аныкталды. Мэриядан билдиришкендей, Аламүдүн базарынын Буденый көчөсү тарабында белгисиз адам унаа ээлеринен 30, 40 сомдон алып турган. Жургүзүлгөн атайын рейддин жүрүшүндө жалганчы адам ал жерден кетирилди. Белгилеп кетсек, учурда ордо калаада 17 муниципалдык унаа токтотмо бар. Алар эртең мененки саат… Кененирээк…

Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоо иштери жанданды

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоо иштери жанданды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 723 миң сом бөлүндү, — дешти Маданият министрлигинен. Учурда чатыр оңдолууда. Буга чейин 2019-20-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери алмаштырылып, жылуулук системалары, көшөгөлөр, отургучтар… Кененирээк…

Түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Тик-Токтогу эң бай ашпозчу аталды

Түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Тик-Токтогу эң бай ашпозчу аталды. Жергиликтүү басылмалардын маалыматында, анын кирешеси 11 миллион долларга бааланат. Учурда Бурактын Тик-Токто 47 миллиондон ашык, ал эми инстаграмда 27 миллион катталуучусу бар. Ашпозчу интернетте жасаган чоң көлөмдөгү тамактары жана өзгөчө күлкүсү менен таанымал. Белгилеп кетсек, ашпозчунун… Кененирээк…

Мектептер китептер менен 72 пайызга камсыз

Мектептер китептер менен 72 пайызга камсыз. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, башталгыч класстар үчүн бир катар окуу куралдары иштерип чыкты. 5-6-класстардын китептери толук жаңыланды. Бул багытта иштер уланууда. Мектептерде эски китептер болсо, жакынкы аралыкта алар дагы жокко чыгарылап, жаңыланат, — деп кошумчалады… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт. «Түндүк электр» ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Тимур Фрунзе, Гагарин, Виноградный, Крылов, Аммосов, Токомбаев, Байтик баатыр, Жукеев-Пудовкин, Элебесов көчөлөрүндө, Алтын-Бешик, Көлмө, Ак-Өргө, Ак-Босого, Арча-Бешик,  Көк-Жар конуштарында жарык жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине… Кененирээк…

Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулардын ата-энелеринин жоопкерчилиги маанилүү

Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулардын ата-энелеринин жоопкерчилиги маанилүү. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүргөндөй, өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташканы менен санитардык гигиеналык талаптарды так сактоо зарыл. Балдардын колдорунун тазалыгына жана коомдук жайларда беткапчан жүрүшүнө көңүл буруу зарыл. Ар бир мектепте кирүү фильтри орнотулат. Андан… Кененирээк…

Ош облусундагы мугалимдерге жер тилкелери тапшырылды

Ош облусундагы мугалимдерге жер тилкелери тапшырылды. Турмуш басылмасы билдиргендей, жалпысынан 13 педагог Кара-Суу, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунан жер тилкелерин алышты. Андан тышкары, Араван районундагы дагы бир мугалимге батирдин ачкычы берилди. Тапшыруу аземи бүгүнкү “Август кеңешмесинде” өттү

 Эртең, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

Эртең, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн): 1. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2021-жылдын… Кененирээк…

Футзал боюнча кыргызстандык калыс дүйнө чемпионатын тейлеп, рекорд жаратты

Футзал боюнча кыргызстандык калыс дүйнө чемпионатын тейлеп, рекорд жаратты. Бул тууралуу футбол союзунан билдиришти. FIFA калысы Нурдин Букуев үчүн бул карьерасындагы төртүнчү дүйнөлүк турнир. Ал кечээ Литва — Венесуэла командаларынын беттешин тейледи. Учурда дүйнө чемпионаты Литвада өтүп жатат