Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. «Түндүк электрден билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Ахунбаев, Виноград, Крылов, Аммосов, Рыскулов, Жибек жолу проспектиси, Пархоменко, Жукеев-Пудовкин, Скрябин, Токтоналиев, Зеленый, Пушкин, Кулиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ынтымак, Арча-Бешик, Киргизия-1 конуштарында жана Чоң-Арык айылында жарык жок болот.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 4 сапка жогорулады

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 4 сапка жогорулады. Жаңыланган рейтингинде биздин команда 98-орунда жайгашты. Мындай жакшы көрсөткүч ата мекендик команда Палестина жана Бангладештин курама командалары менен беттешип, экөөнү тең жеңгенден кийин чыкты.  Эске салсак, буга чейин биздин курама 102-катарга түшүп калган. Рейтингде жалпысынан… Кененирээк…

Өлкөнүн ирригациялык тармагын жакшыртууга 100 миллион сом бөлүнөт

Өлкөнүн ирригациялык тармагын жакшыртууга 100 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Пландалгандай, быйыл апрель-июль айларында нөшөрлөгөн жаандын, селдин кесепетинен талкаланган ирригациялык объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, калыбына келтирилет. Андан тышкары, суу чарба объектилери оңдолот. Бул өз кезегинде дыйкандарга сугат суу көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Жогорку Кеңешти шайлоого 592,5 миллион сом жумшалат

Жогорку Кеңешти шайлоого 592,5 миллион сом жумшалат. БШК чыгымдар сметасын бекитти. Сумманын 335 миллион сому шайлоо комиссияларына жумшалат, азыраагы БШК чыгымдарына кетет, ошондой эле 18 миллион сом чет өлкөлөрдөгү добушканаларга багытталат. Белгилеп кетсек, Кыргызстан аймагында 28-ноябрда 57 шайлоо участогу ачык болот. Парламенттик шайлоого 75 саясий… Кененирээк…

Испанияда алгачкы ирет компьютер оюнунан көз каранды адам дарыланууга жиберилди

Испанияда алгачкы ирет компьютер оюнунан көз каранды адам дарыланууга жиберилди. Өспүрүм бир жылдан бери сыртка чыкпай, башка адамдар менен баарлашуудан качып, тамак-ашка жана жеке гигиенага көңүл бурбай, күнү-түнү компьютер оюндарын ойногон. Анын дарылануусу эки айга созулду. Натыйжада ал компьютер оюнун азыраак ойноп, коомдук көрсөткүчтөрүн жакшыртты.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Бүгүн, 16-сентябрда саат 12:31 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Анын очогундагы күчү 4 баллга жеткен. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Дөң-Талаа, Булан-Сөгөттү жана Ала-Баш айылдарында 3 баллга, Көк-Сай жана Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга сезилди.

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Русланбек Тагаев Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мурат Осмонов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу аким кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Ысык-Көлдөн 10 тонна желим таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 10 тонна желим таштанды чыгарылды. Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, таштандыдан арылтуу боюнча 4 акция өткөрүлдү. Анын алкагында, көлдөн узундугу 14 миң метрге жеткен тор алынды. Ошондой эле 500 кап желим таштанды алынды.

Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин ноябрда ачуу пландалууда

Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин ноябрда ачуу пландалууда. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди. Анын айтымында, учурда немец тарап менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Бирок, компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга өз мөөнөтүндө келе албаса, музейдин ачылышы кайра жылдырылат. Буга чейин айтылгандай, Германиянын адистер тобу музейге… Кененирээк…

18-сентябрь, ушул дем алышта республика боюнча жалпы ишембилик өтөт

18-сентябрь, ушул дем алышта республика боюнча жалпы ишембилик өтөт. Бул күнү тазалай турган жерлер бөлүнүп, Бишкек 100 аймакка бөлүндү. Ар бирине жетекчи дайындалууда. Айлананы таштандыдан арылтуу акциясына премьер-министр, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, жеке компаниялар катышат. Ал эми мектеп мугалимдери, окуучулар жана медкызматкерлер ишембиликке чыкпайт. Бул пандемияга… Кененирээк…