Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 862 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 252 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 760 миң 425 адам вакцинанын… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары соңуна чыгып, Ошко келди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрында иш сапары менен Тажикстан Республикасында болуп, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. ЖККУ саммитинде уюмдун катышуучу-мамлекет башчылары… Кененирээк…

Бириккен Араб Эмирлигиндеги коронавируска чалдыккан адамдарды иттердин жардамы менен аныктай башташты

Бириккен Араб Эмирлигиндеги аэропорттордо коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдарды иттердин жардамы менен аныктай башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн аба майдандарында немис овчаркасы, лабрадор, кокер-спаниель жана бордер-колли породасындагы жалпы 38 ит коронавирус илдети менен ооруп жаткан адамдарды аныктоо ишин аткарышууда.… Кененирээк…

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция пайда болот. Соцтармакты негиздөөчүлөрдүн айтымында, жаңы тартууланып жаткан система жакынкы жердеги дүкөн, ресторан жана башка ишканалар жайгашканын көрсөтө алат. Анын ортосунда “бизнес каталог” купуялуу жана колдонуучулардын жайгашкан жерин же компаниянын маалыматы аңдылбайт. Жаңычылык Android үчүн бета түрүндө жеткиликтүү.

Бишкек – Ош трассасында кыймылга чектөөлөр жок

Бишкек – Ош трассасында кыймылга чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин желдетүү системасын оңдоо иштери аягына чыкты. Учурда инженерлер бетондук негиздерди жана дренаждык системаларды орнотууда. Бардык жумуштар сентябрдын аягында соңуна чыгат.

Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди

Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна электрондук система аркылуу добуш берди. Бул тууралуу РИА Новостиге президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген. «Путин онлайн добуш берди», — деди ал. Мамлекеттик дума аралаш шайлоо системасы аркылуу беш жылга шайланат. 225 депутат партиялык тизме менен, дагы 225и бир мандаттуу округдан шайланат. Эске… Кененирээк…