Бишкектин бир бөлүгүндө эртең ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең ысык суу өчүрүлөт. “Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин ысык суу Курчатов, бакаев, Ахунбаев, Грибоедов, Тыналиев көчөлөрүндө, Жал кичи районунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр буу казанда оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанга октябрда Pfizer вакцинасы жеткирилет

Кыргызстанга октябрда Pfizer вакцинасы жеткирилет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, 259 миң доза препарат дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында келет. Болжол менен 10-октябрга чейин. Ага чейин тиешелүү талапта иштей турган атайын муздаткычтарды орнотуу зарыл, — деди Ишенапысова.   Белгилеп… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясын берүү чектелет

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясын берүү чектелет.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Манас проспектисинде, Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик, Ак-Босого, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Пермь университетиндеги атышуу сегиз кишинин өмүрүн алды

Пермь мамлекеттик университиндеги атышууда сегиз киши каза болгонун Тергөө комитети билдирди. Ок чыгарган кылмышкер жок кылынды.   Ал университеттин корпустарынын бирине бүгүн, 20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында кирип барып, туш келди ок чыгарган. РЕН ТВ каналы жарыялаган видеодо экинчи кабаттан секирип жаткан адамдарды көрүүгө болот.… Кененирээк…

Экс-депутат алдамчылыкка шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева билдиргендей, ага карата “ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары” боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат: “Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экени боюнча далилдер табылды.… Кененирээк…

Бир эле чыны сүттү күнүнө ичүү менен өмүрдү узартса болот

Бир эле чыны сүттү күнүнө ичүү менен өмүрдү узартса болот. Окумуштуулар атайын иликтөөнүн алкагында Улуу Британия жана АКШда 2 миллион адамдын саламаттыгын текшерди.   Жыйынтыгында, сүт жүрөк ооруларын 14 пайызга азайта турганы аныкталды. Андан тышкары, бул суусундук кандагы холестериндин деңгээлин азайтат.

Ден-соолукка пайдасы эң чоң болгон спортун түрлөрү аталды

Ден-соолукка пайдасы эң чоң болгон спортун түрлөрү аталды.   Алар – йога, бий, чуркоо, жөө сейилдөө жана зарядка жасоо. Эксперттердин айтымында, йога менен туруктуу түрдө машыгуу жүрөктүн иштешин жакшыртып, сапаттуу уйку тартуулайт.   Бий ден-соолукту бекемдеп, денени чымыр кылат. Ошондой эле, чуркоо менен жөө басуунун… Кененирээк…

Кыргызстанда транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Кыргызстанда транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.   Эске салсак, аны 1-сентябрга чейин төлөш керек болчу. Ал эми төлөмдү учурунда жүргүзбөгөндөргө 2 миң сомго айып салынат. Андан тышкары, ар бир күнгө туум кошулат.   Андыктан, унаа ээлери салыктарды эртелеп төлөп салганы оң, — дешет… Кененирээк…

Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт

Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт. Ишке орноштуруу боюнча шаар башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара 23-сентябрда Ала-Тоо аянтында өтөт.   Жумуш издегендер бул жерден компаниялардагы бош орундар менен таанышып, кеп-кеңеш ала алышат.   Андан тышкары, өз кызматтары тууралуу окутуу борборлору дагы айтып берет. Жалпысынан жарманкеде 1 миңден ашык вакансия… Кененирээк…

Өзгөн районунда социалдык шаарча ачылды

Өзгөн районунда социалдык шаарча ачылды.   Райондук администрациянын маалыматына ылайык, объект Куршаб айылында жайгашкан. Жалпысынан 104 үй-бүлөгө эсептелген 25 турак-жай курулду.   Бул жерде ошондой эле кичи футбол аянты, тигүү цехи дагы каралган.   Үйлөрдү бөлүштүрүүдө артыкчылык көп балалуу үй-бүлөлөргө жана балдарын жалгыз тарбиялаган энелерге… Кененирээк…