Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясын берүү чектелет

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясын берүү чектелет.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Абдымомунов, Фурманов, Севастополь, Шота Руставели, Сухомлинов, Москва көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр подстанциялардагы оңдоо жана кабелдерди жаңыртуу иштерине байланыштуу.

Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районундагы спорт комплекстин курулушу   10-октябрда жыйынтыкталат

Бишкектин “Чыгыш-5” кичи районундагы спорт комплекстин курулушу   10-октябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу бизге ордо калаа мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 1 кабаттуу спорт комплексте оюн залы, күрөш бөлмөсү, машыгуу залы, которунуучу жай жана сактоочу кампалар каралган. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы сметалык баасы  50… Кененирээк…

Кыргызстанга синофарм вакцинасынын кезектеги партиясы октябрь-ноябрь айларында жеткирилет

Кыргызстанга синофарм вакцинасынын кезектеги партиясы октябрь-ноябрь айларында жеткирилет. Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, кийинки айда өлкөгө дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында   110 миң дозада препарат келиши күтүлүүдө. Андан тышкары, Pfizer вакцинасы дагы жеткирилет. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата… Кененирээк…

Туризм департаменти Кыргызстандагы кышкы туризм жөнүндө сайт тартуулады

Туризм департаменти Кыргызстандагы кышкы туризм жөнүндө сайт тартуулады. Туристтик медиа булакта биздин өлкөнүн эң кооз жерлеринин сүрөт, видеолору жеткиликтүү.   Сайтта туризмдин кышкы түрү боюнча 5 миңден ашык кадр сакталуу. Күтүлгөндөй, бул порталдын жардамы менен туристтер Кыргызстандагы кайталангыс жерлерди көрүп, сөзсүз келип кеткиси келет.

Камсыздандыруу келишимин эми онлайн түзсө болот

Камсыздандыруу келишимин эми онлайн түзсө болот. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жаңычылдык жарандарга агенттин катышуусу жок, атайын кеңсеге барбай эле интернет аркылуу макулдашуу түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.   Бул бардык процедураларды жеңилдетип, камсыздандырууну жайылтууга жол ачат. Жарандык кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демлгеси коомдук талкууга чыгарылды.

Бишкек «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Сарпашев иштен кетти

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашев иштен кетти. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка караганда, Сарпашев иштен кетүү боюнча арзыды өз каалоосу менен жазып, мэр Айбек Жунушалиев аны кабыл алган.   Ишкананын жетекчисинин орун басары Айдар Дыйканбаев учурда директордун милдетин аткарып жатат.   Сарпашев «Тазалыкта» 2008-жылдан… Кененирээк…

Ашхабадда кыздар менен жигиттердин бир отургучка отурушуна тыюу салынды

Ашхабадда кыздар менен жигиттердин бир отургучка отурушуна тыюу салынды.   Полиция кызматкерлери эс алуу бактарында рейддерди жүргүзүүдө. Эгер бир туугандар чогу отурса, алар тартип сакчыларга документтерин көрсөтүшү керек болот.   Ал эми алардын тууганчылыгы жок болсо, анда жаштар полиция бөлүмүнө барып, түшүнүк кат жазып берет.… Кененирээк…

Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт

Бишкекте эртең “Маяк” рейди өтөт. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, инспекторлор ордо калаа жолдорун Тез жардам унаалары үчүн бошотуп, тоскоолдуксуз чакырууларга жетүүсүн камсыздайт.   Рейддин максаты – Тез жардам унааларынын бейтаптарга ыкчам жетиши үчүн колдоо көрсөтүү. Текшерүүнүн алкагында, медицина кызматкерлерине жол… Кененирээк…

Кыргызстанда ар бир телефон каттоого алынышы мүмкүн

Кыргызстанда ар бир телефон каттоого алынышы мүмкүн. Унаа жана жолдор министрлиги Жогорку Кеңештин кароосуна уюлдук телефондорду идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун тартуулады.   Документ кабыл алынса Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.   Мындай чара экстремизмге… Кененирээк…

Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь, кечки саат 6га чейин төгүшү керек

Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь, кечки саат 6га чейин төгүшү керек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Андан такташкандай, партиялардын күрөө акысы 1 миллион сомду түзсө, бир мандаттуу талапкерлер   100 миң сомдон бериши керек.   Андан тышкары, партиялар жана округдарда талапкерлигин жылдыргандар атайын эсептерди ачып,… Кененирээк…