Эртең, 24-сентябрда Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт

Эртең, 24-сентябрда Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Батыш Победа, Республика, Коммунаров, Месарош, Дэн Сяопин, Корейский, Каракум, Маликов, Алыбаев, Оттук, Панфилов, Бакаев, Тоголок Молдо көчөлөрүндө жана Арча-Бешик конушунда жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо… Кененирээк…

Бишкекте Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан эскертишти. Маалыматка караганда, 24-25-сентябрда тилкенин бир бөлүгүндөгү темир жол өтмөгүнө асфальт төшөлөт. Андан кийин  жолдун бир тарабы оңдоп-түзөлөт. Оңдоо иштери жүргөнүнө байланыштуу жол бир тараптуу жабык болуп, унаалар маалы… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрь, кийинки жумадан тартып пенсия көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-октябрь, кийинки жумадан тартып пенсия көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, орточо эсеп менен пенсия 8 пайызга же 455 сомго жогорулайт. Муну менен өлкөдөгү пенсиянын орточо көлөмү  6 миң 248 сомду түзүп калат. Жогорулатуу чыгымдарына 830 миллион сом багытталат. Эске салсак, Кыргызстанда пенсионерлердин жалпы саны 715… Кененирээк…

Жыртылган кийимдердин тренди уланууда

Жыртылган кийимдердин тренди уланууда. Буга чейин тытылган куртка, шым, майка, футболкалар болсо, эми дизайнерлер алгачкы ирет тешилген байпактарды чыгарышты. Дизайнерлер өзгөчөлүктү, баш бармактын тушу көп тешиле бергендиктен, алдын ала атайын атайын жыртып койдук деп түшүндүрүштү. Тренд болуп жаткан байпактар учурда Россияда баасы 1 миң 400… Кененирээк…

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектеп пайда болот. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, Борко айылында жайгашкан билим берүү мекемесинин курулуш иштери учурда 60 пайызга аяктады. Жаңы мектеп 375 окуучуга чакталган жана аны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 1… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жүк 3 миллион медициналык беткаптан, 100 миң респиратордон, 20 миң коргоо костюмдарынан жана 1,5 миң тонна буудайдан турат. Гуманитардык жардам кыргыз-кытай мамилесинин алкагында, ошондой эле өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата берилди.

30-сентябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

30-сентябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөр бөлүгүндө суу жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр суу дарбазасында оңдоо иштерине байланыштуу.

Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында жаңы мектеп пайда болот

Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында жаңы мектеп пайда болот. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, №38-орто мектептин жаңы корпусунун сметалык наркы 72 миллион сомду түзөт. Учурда курулуш-монтаждоо жумуштарына подряддык уюмду тандоо жүрүп жатат. Кененирээк маалымат андан кийин белгилүү болот.

Ош облусунун Араван районунда жаңы оорукана ачылат

Ош облусунун Араван районунда жаңы оорукана ачылат. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, медициналык мекеме 50 орунга ылайыкталды. Курулуш иштерине республикалык бюджеттин эсебинен 108 миллион сом багытталды. Белгилеп кетсек, аталган Мангыт айылындагы оорукананын курулушу 10 жылда жыйынтыкталды. Иштер каржылоо маселесинен улам кечиктирилди.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасы дүйнө чемпионатына барат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер командасы дүйнө чемпионатына барат. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, биздин команданын атынан дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы барат. Турнир 2-10-октябрь аралыгында Норвегиянын Осло шаарында өтөт.