26-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрү маалы менен жабылат

26-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрү маалы менен жабылат. Мэриядан билдиришкендей, Ушул жекшемби эртең мененки саат 7ден 10го чейин Чүй, Манас, Айтматов проспектилери жана Абдырахманов, Иманалиев, Горький, Масалиев, Ахунбаев, Москва, Тоголок Молдо, Орозбеков, Абдымомунов көчөлөрүнүн бир бөлүгү 20 мүнөттөн маалы менен кыймылга жабылып турат. Чектөөлөр эл… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы ирет чет өлкөлөрдөгү вакансиялардын жарманкеси өтөт

Кыргызстанда алгачкы ирет чет өлкөлөрдөгү вакансиялардын жарманкеси өтөт. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара онлайн форматта 29-сентябрда өтөт жана анда Корея, Япония, Бириккен Араб Эмирлиги, Россия жана Түркиядагы жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин өкүлдөрү учурдагы бош орундар тууралуу маалымат беришет. Жарманкени уюштуруунун негизги максаты чет өлкөдө… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы мектеп курулат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы мектеп курулат. Билим берүү мекемеси Кара-Жыгач айылында пайда болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматы боюнча, объекттин сметалык баасы 72 миллион сомду түзөт. Учурда курулуш-монтаждоо иштерине подрядчыны тандоо боюнча сынак өтүп жатат. Курулуш иштерин 2022-жылы аяктоо пландалууда.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 49 социалдык объект курулуп, оңдолду

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 49 социалдык объект курулуп, оңдолду. Имараттардын 39у башынан курулса, 10у капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Жаңы мекемелер өлкө боюнча аймактарга туура келет. Алар 23 мектеп, 7 бала бакча, 8 медициналык жана башка 11 объект. Каржылоо ар багыттан болду. 43 имаратка республикалык бюджеттен… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районунда малинанын баасы кескин кымбаттады

Баткен облусунун Кадамжай районунда малинанын баасы кескин кымбаттады. Облустук монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, быйыл биринчи терүүдө малинанын килограммы 130 сомго чейин жетсе, учурда 180 сомго барабар. Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул эле мөөнөттө килограммы 70 сомдон сатылган. Кымбаттоолор түшүмдүн аздыгына байланыштуу.… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы калкты тейлөо борбору пайда болот

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы калкты тейлөо борбору пайда болот. Райондук администрациядан билдиришкендей, учурда курулуш иштери башталып, прайдубалы түптөлүүдө. Имарат бардык жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стилде салынат. Иштерге жалпысынан 10 миллион сом багытталат. Сумма жергиликтүү бюджеттен берилет.

Жаңы Салык кодексинде кэшбэк механизмин киргизүү пландалууда

Жаңы Салык кодексинде кэшбэк механизмин киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдирди. Анын айтымында, жаран товар сатып алса, эсеп дүмүрчөгүн сканерлөө менен анын суммасынын бир бөлүгү кайра кайтарылып берилет. Канча пайыз экени азырынча белгисиз. Жаңычылдык кодексте мыйзам долбоору катары… Кененирээк…

Ош облусунда пахтанын баасы эки эсе көтөрүлдү

Ош облусунда пахтанын баасы эки эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, былтыр ушул эле убакта пахтанын килограммы 40 сомдон сатылган. Ал эми учурда Араванда биринчи терим бүтүп, пахта 95 сомго жетти. Ош облусунда быйыл жалпысынан 8 миң 158… Кененирээк…

Кыргызстан дыйкандарына колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстан дыйкандарына колдоо көрсөтүлөт. Айыл- чарба министрлиги ички өндүрүүчүлөргө түрткү берүү максатында 15 миң тонна буудай сатып алат, — деп билдирди ведомство жетекчисинин орун басары Азамат Мукашев. Анын айтымында, дан мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө пландалган көлөмдүн 60 пайызы сатып алынды. Акция министрлер… Кененирээк…

Италиялык сүрөтчү буудай талаасында жазуучу Федор Достоевскийдин портретин түшүрдү

Италиялык сүрөтчү буудай талаасында жазуучу Федор Достоевскийдин портретин түшүрдү.   Чебер сүрөттү трактордун жардамы менен тартты, ал эми портреттин өзү 25 чарчы метр аянтты ээледи. Анын үстүнө “Сулуулук дүйнөнү сактайт” деп жазып койгон.   Ал эми сүрөттүн алды жагына жазуучунун аты-жөнү түшүрүлдү.