Аскер кызматкерлеринин пенсиясы дагы жогорулады

Кыргызстанда август айынан тарта аскер кызматкерлеринин пенсиясы эки миңден беш миң сомго жогорулады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн жетекчиси Ханзада Осмоналиева маалымат жыйын учурунда билдирди.   Анын айтымына караганда, учурда эң аз пенсия беш миң, эң көбү 30-35 миң сомду түзөт.   «Пенсиянын көлөмү… Кененирээк…

1-октябрда пенсия орточо 8% көбөйөт

1-октябрда Кыргызстанда пенсиянын кезектеги көбөйүүсү болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы 24-сентябрда билдиргендей, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болгондон кийин жалпы орточо өлчөмү 6248 сом болот, бул азыркыдан 8% же 455 сомго көп.   Жогорулоо ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.   Буга чейин… Кененирээк…

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин саны 30га жетти

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин саны 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Анкара шаарында Кыргызстан атындагы сейил бак ачылат

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделен менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыздын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. Элчиликтин маалыматына таянсак, жолугушууда Анкаранын Чаңкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Чанкая аймагында Кыргызстан атындагы сейил бак ачып, улуу жазуучу… Кененирээк…

Ак илбирсти коргоого арналган эл аралык марафон өтөт

Бишкек шаарында ак илбирсти коргоого арналган эл аралык марафон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган марафон жекшемби, 26-сентябрь күнү «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Катышуучулар Бишкектин борбордук көчөлөрү менен белгиленген аралыктарга чуркашат.   «Марафондон түшкөн каражаттын белгилүү бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк программа… Кененирээк…

Сот Темир Сариевдин абактагы мөөнөтүн узартты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин абактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады. Ага ылайык, саясатчы 30-ноябрга чейин камакта болот. Экс-премьер 3-август күнү Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камалган. Ал экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган… Кененирээк…