Эртең, 30-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Эртең, 30-сентябрда, Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. «Бишкексууканал» ишканасынын маалыматына ылайык, эртең саат 9дан кечки 9га чейин Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү чектешкен аймактагы үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана тиричилик объектилерде таза суу өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр суу тосмодо жана… Кененирээк…

Жалал-Абадда кызыл зоналар ишин токтотту

Жалал-Абадда кызыл зоналар ишин токтотту. Ковидге чалдыккан жарандарды дарылоо бир гана Аксы жана Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан жалпы практикалык дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактагы координатору Замира Орунбаева билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө облуста коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.… Кененирээк…

Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды

Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды. Бул кызматка аны президент Садыр Жапаров сунуштаган. Добуш берүүдө 76 депутат макул, бешөө каршы болду. Эми Бөкөнтаев президенттин буйругу чыккандан кийин кызматка киришет. Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-10-жылдар аралыгында, Улуттук банктын төрагасынын орун басары болгон. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттары Улуттук… Кененирээк…

Нарын шаарынын мэри отставкага кетти

Нарын шаарынын мэри отставкага кетти. Бул тууралуу Самарбек Болотбеков соцтармак аркылуу өзү билдирди. Эске салсак, УКМК былтыр өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэрин кармаган. Кийинчерээк Болотбеков Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулган.

Жалал-Абад шаарында жер титиреди

Жалал-Абад шаарында жер титиреди. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жердин силкинүүсү бүгүн түштө катталды жана очогунда күчү 5 баллга жетти. Михайловка, Сары-Булак, Кара-Чолок айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 4,5 баллге чейин сезилсе, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга жетти.

АКШда эң узун кулактуу ит аныкталды

АКШда эң узун кулактуу ит аныкталды. Үй жаныбарынын мүчөсүнүн узундугу 34 сантиметрге жетет. Рекордчу ит мергенчилик тукумундагы кунхаунд породасына кирет. Анын узун кулактары олжосун табууга жардам берет. Алсак, алар жердеги эски издерди аныктай алат

Ар бир төртүнчү кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт

Ар бир төртүнчү кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт. Ал эми өлкө калкынын 47 пайызы туура эмес тамактануудан улам ашыкча салмакка ээ. Бул тууралуу улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди. Профессордун айтымында, кыргызстандыктардын 80 пайызы жашылча-жемиштерди керектүү өлчөмдө жебейт. Ошондой эле өлкө калкынын 47… Кененирээк…

Көчө жана жарнама жарыктандырууларын өчүрүү керек

Көчө жана жарнама жарыктандырууларын өчүрүү керек. Мындай токтомго улуттук энерго холдингдин башчысынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов кол койду. Тыюу салуулар кафе, ресторан, мончо, сауна, эс алуу багы, дүкөн жана башка тиричилик эмес керектөөчүлөргө тиешелүү. Чечим Токтогул суу сактагычындагы жана суу ресурстарын максаттуу пайдаланууга жана алдыдагы… Кененирээк…

Бишкек мектептери китептер менен 72 пайызга камсыз

Бишкек мектептери китептер менен 72 пайызга камсыз. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, китептер менен камсыздоо билим берүү министрлиги жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. Быйыл окуу куралдарын сатып алууга 24 миллион сом багытталды. Анын ортосунда, мектептерди толук камсыздоого 218 миллион сом керек.… Кененирээк…

Ордо калаанын борбордук жана магистралдык көчөлөрүндө жарыктандырууга чектөөлөр киргизилбейт

Ордо калаанын борбордук жана магистралдык көчөлөрүндө жарыктандырууга чектөөлөр киргизилбейт. Бул тууралуу улуттук энерго холдингдин башчысы Таалай Байгазиев билдирди. Анын айтымында, бул тынч жана кыймыл азыраак болгон экинчи даражадагы көчөлөргө тиешелүү. Түнкү саат 12ден кийин ал жактарда жарыктандыруу өчүрүлүшү керек. Чектөөлөр ошондой эле кафе жана ресторандарга… Кененирээк…