1-ноябрдан тартып «WhatsApp» мессенжери көптөгөн эски смартфондордо иштебей калат

1-ноябрдан тартып «WhatsApp» мессенжери көптөгөн эски смартфондордо иштебей калат. «Metro» басылмасы билдиргендей, «WhatsApp» тиркемеси операциялык системасы Android 4.1. жана iOS 10го чейинки смартфондордун 43 моделинде иштөөсү кыйындайт. Мессенжер ишин дароо эле токтотпойт, бирок  тиркемени жаңылоого мүмкүн болбой, мындан улам көйгөйлөр жаралат.

30-октябрдан тарта акыркы жылдар ичиндеги күчтүү магниттик бороон башталат

30-октябрдан тарта акыркы жылдар ичиндеги күчтүү магниттик бороон башталат. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын Физикалык институту жарыялады. Алдын ала маалыматтар боюнча, бороондун эң күчтүү учурунда магниттик толкундар 5 баллга жетет. Алгачкы толкундар жерге 30-октябрь, бүгүн саат 1де башталат. Жалпы Жер жүзүн каптоочу магниттик толкун эки… Кененирээк…

Бишкектин бир районунда 5 күнгө газ жок болот

Бишкектин бир районунда 5 күнгө газ жок болот. “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, 1-ноябрдан 5ине чейин Ылдыйкы Жал кичи району, Тынчтык проспектиси, Дооронбек Садырбаев, Гагарин, Пожарский, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот Убактылуу чектөөлөр Токтоналиев-Жаманбаев көчөлөрүндөгү айрым жашоочуларды газга туташтыруу иштерине… Кененирээк…

Чүй облусунда 5 мектеп онлайн окууга өттү

Чүй облусу боюнча 11 миңден ашык окуучу сасык тумоо менен ооруп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган оору менен жалпы 11058 окуучу ооруп жатат. Алардын ичинен 3546 окуучу Аламүдүн районунда, 3484 окуучу Ысык-Ата районунда катталды. Облустагы жалпы 303 мамлекеттик… Кененирээк…

Аймактарга 14 судья дайындалды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 14 сотту кызматка дайындаган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинен президентке Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштар… Кененирээк…

Монголиянын Кыргызстандагы алгачкы элчиси ишке киришти

Монголия Кыргызстандагы Башкы консулдугун элчилик кылып кайра түзгөндөн бери алгачкы элчисин Бишкекке жөнөттү. 28-октябрда бул өлкөнүн элчи кызматындагы дипломат өкүлү Ганхуяг Содном тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарын тапшырды. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Министр Казакбаев… Кененирээк…

Эртең ордо калаадагы эки эс алуу багында экологиялык акция өтөт

Эртең ордо калаадагы эки эс алуу багында экологиялык акция өтөт. Иш-чара  «Ынтымак» жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактарда уюштурулат. Акцияга катышууну каалагандар 3 киллограм макулатура же 5 даана желим бөтөлкө алып барып, 1 даана көчөт алып тиге алат. Ушул эле күнү сейил бактарда макулатура жана… Кененирээк…

Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тартып Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүндө жеткиликтүү болот

Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тартып Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүндө жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, препарат Аламүдүн, Сокулук райондоруна жана Кант шаарында дагы берилди. Ал эми өлкөнүн бардык аймактарына 1-ноябрдан баштап жеткирилет. Аны менен 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар эмделсе болот. Ар… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого карата айрым үгүттөө чараларына тыюу салынат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата айрым үгүттөө чараларына тыюу салынат. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, партияларга концерттерди, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, тоонун боорунда саясий уюмдун аталышын жазууга тыюу салынат. Бирок стадиондордо шайлоочулар менен ыр, бийи жок, программасы тууралуу гана айтып жолугушуу өткөрсө болот. Андан тышкары, 18 жашка… Кененирээк…

Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады

Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Алсак көмүрдүн орточо баасы республика боюнча быйыл октябрда былтыркыга салыштырмалуу 1 тоннасы 19,7 пайызга жогорулады. Өлкө боюнча эң кымбат көмүр Ноокатта – тоннасы – 9 миң 794 сом, Баткенде – 9,5… Кененирээк…