Ош — Стамбул — Ош аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

Ош — Стамбул — Ош аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, аба жолдорунун биринчи учагы бүгүн таңда «Ош» эл аралык аэропортуна конду. Аба каттам Түркиянын авиакомпаниясы аркылуу ишке ашырылат. Жарандар аталган багыт боюнча дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каттай алышат, учуу… Кененирээк…

Кыргызстанда 15-октябрдан тартып тиричилик эмес керектөөчүлөргө жаңы тарифтер күчүнө кирет

Кыргызстанда 15-октябрдан тартып тиричилик эмес керектөөчүлөргө электр энергиясынын жаңы тарифтери күчүнө кирет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, калк үчүн тарифтер өзгөрүүсүз калды жана ал кийинки күзгү-кышкы жылытуу сезонуна чейин каралбайт. Андан улам, калкка электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу сунушталат. Министр… Кененирээк…

Түркияда 50 жаштагы мас адам токойдон адашып, өзүн-өзү издеди

Түркияда 50 жаштагы мас адам токойдон адашып, өзүн-өзү издеди. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, Бейхан Мутлу токойдо достору менен эс алып отурган, бирок ордунан туруп кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Достору аны таппай, полиция чакырышкан. Полициянын издөө кызматы ишке киришип, ага волонтерлер жана жергиликтүү тургундар дагы тартылды.… Кененирээк…

Бүгүндөн тартып Бишкектеги 3,5 миңден ашык керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бүгүндөн тартып Бишкектеги 3,5 миңден ашык керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкеней, ордо калаада дебитордук карыздын көлөмү 4 миллион сомго жетти. Ыңгайсыздык жаралбашы үчүн абоненттер карызы тууралуу маалыматты компаниянын сайтынан же мобилдик тиркеме аркылуу билип, төлөмдөрдү өз маалынан кечикпей жүргүзүү керек.

Бишкекте 16 түгөй бирге узак жашаганын белгилешти

Бишкекте 16 түгөй бирге узак жашаганын белгилешти. Мэриянын маалыматына ылайык, 2 түгөй бриллиат, 14 түгөй алтын тойлорун тосушту. Иш-чара ордо калаадагы Бакыт өргөөсүндө өттү. “Бриллиант жана алтын түгөйлөр юбилейлердин Ардак китебине кол коюшту. Мындай иш-чара Эл аралык карылар күнүнө карата өткөрүлдү.  

Жалал-Абад шаарындагы таштанды ташыган унааларга GPS орнотулат

Жалал-Абад шаарындагы таштанды ташыган унааларга GPS орнотулат. Turmush басылмасы билдиргендей, жаңычылдык айдоочуларга бөлүнгөн күйүүчү майды үнөмдөө максатында киргизилүүдө. Жакынкы аралыкта жаңы техникалар сатып алынат, андан кийин жаңы системада иштер башталат. Белгилеп кетсек, быйыл «Жалал-Абад тазалык» муниципалдык ишканасына күйүүчү материал үчүн калаа бюджетинен 8,5 миллион сом… Кененирээк…

Быйыл Ош шаарынын күнү өзгөчө белгиленет

Быйыл Ош шаарынын күнү өзгөчө белгиленет. Калаанын маданият башкармалыгынан билдиришкендей, бул ирет театрлаштырылган программа, жарманке уюштурулбайт. Анын ордуна шаардагы бардык муниципалдык мекеме, ишканалар параддан өтөт. Жөө жүрүш эртен мененки саат 9:30 башталып концерттик программа менен коштолот. Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү кечинде дагы уланат. Иш-чара фейерверк… Кененирээк…

Таш-Көмүрдө унаа керемет менен жардан кулаган жок

Таш-Көмүрдө унаа керемет менен жардан кулаган жок. Жеңил унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп алган, андан улам машине Баетов көчөсүндөгү жолдон чыгып 10-15 метр бийиктиктеги жардын кырында токтоп калды. Жерине куткаруучулар барып, унааны атайын техниканын жардамы менен алып чыгышты. Жабыркагындар катталган жок.

Кадамжайдагы Аскер прокуратурасы Баткенге көчүрүлөт

Кадамжайдагы Аскер прокуратурасы Баткенге көчүрүлөт. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, административдик имарат жана 8 батирлүү кызматтык турак жайдын курулушуна капсула салынды. Иштерди быйыл жыл аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуштун сметалык наркы 31 миллион сомду түзөт. Белгилеп кетсек, буга чейин Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы Кадамжайда… Кененирээк…