Кыргызстанда суук бүгүн, эртең сакталат

Кыргызстанда суук бүгүн, эртең сакталат. Бирок 4-октябрдан тартып бир аз жылыйт. Бул тууралуу novosti.kgге Кыргызгидрометтен билдиришти. Дүйшөмбүдөн тартып абанын табы 4-5 градуска жогорулайт. Анын ортосунда түнкүсүн суук кармалат. 6-7-октябрда түнкүсүн жылып баштайт.

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда учурда кар тынбай жаап жатат

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда учурда кар тынбай жаап жатат. Андан улам, айдоочулар өзгөчө этият болуп, унаалар ортосундагы аралыкты сакташы зарыл. Дөңгөлөктөр сөзсүз кышкыга алмаштырылган болушу шарт. Белгилеп кесек, Кыргызстан аймагына алгачкы кар түштү. Соцтармак колдонуучулары өлкө боюнча ар кайсы региондордогу кардын сүрөттөрү… Кененирээк…

Бүгүн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталды

Бүгүн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кыргызстандан 15 балбан катышат. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, биздин балбандар экин жана грек-рим күрөшү боюнча ат салышат. Алгачкылардан болуп килем үстүнө Жоламан Шаршенбеков чыгат. Турнир Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.

Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүлбөйт

Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүлбөйт. Биринчи вице-премьер-министр Азиз Алиев билдиргендей, министрлер кабинети тарифтик саясаттын планын бекитти. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык чек алып салынды. Эми 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат. Андан тышкары, калк үчүн коюлган 700 киловаттык чектөө 1… Кененирээк…

Бишкекте Арал көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылды

Бишкекте Арал көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылды. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, тилкенин Элебесовдон Дача көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулду. Жөө жүрүүчүлөр үчүн тротурар түшүрүлөт жана жашылдандыруу иштерине карата ирригациялык тармак салынат. Иштерди Бишкекасфальтсервис муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзөт.

Ош облусундагы «Сулайман-Тоо» коплекси жана Өзгөн музейи оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош облусундагы «Сулайман-Тоо» коплекси жана Өзгөн музейи оңдоп-түзөөдөн өтөт. Маданият министрлигинен билдиришкендей, тарыхый-археологиялык музейдин имараты, экспозициялык залдары, туристтик жолдору, жарыктандыруу жана унаа токтотмолору, эс алуу багы жакшыртылат. Ошондой эле «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жаңы имараты курулат. Бул максатта 6 миллион сом багытталат. Каражатты Дүйнөлүк банк… Кененирээк…

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштады

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштады. Күнүнө 1 миллион киловатт саат алынап келинүүдө, — деди энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев. Анын айтымында, электр энергиясын алууну тажик тарап өздөрү сунуштады. Кеп, товар алмашуу эмес, сатып алуу тууралуу болуп жатат. Учурда келишимдер даярдалууда. Кечээтен тартып… Кененирээк…

Быйыл жылуулук үчүн калкка тарифтер өзгөрүлбөйт

Быйыл жылуулук үчүн калкка тарифтер өзгөрүлбөйт. 1 гигакалория үчүн 1 миң 134 сом өлчөмүндө сакталат. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алды. Бирок, кийинки жылуулук берүү сезонунан баштап, калк үчүн тарифтер жылына 10 пайыздан көтөрүлөт. Орточо алганда бир бөлмөлүү батирдин жылуулугу үчүн төлөмдөгү айырма айына 82… Кененирээк…