Жалал-Абадда №1 мектепке кошумча корпус курулат

Жалал-Абадда №1 мектепке кошумча корпус курулат.   Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык корпус 375 окуучуга чакталат.   Курулуш иштерине 78 миллион 809 миң сом бөлүнөт. Каражатты облустук капиталдык курулуш департаменти бөлүп берет.  

Жылуулук сезонунун алдында  адистер  жабдууларды текшерип алууну сунуштайт

Жылуулук сезонунун алдында  адистер  жабдууларды текшерип алууну сунуштайт. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, жогорку кабаттагы батирлерде жашагандар кран аркылуу абаны чыгарып салышы керек.   Андан тышкары, жылуулук шаймандарын тазалап, зарыл болсо, оңдоп-түзөп алуу оң. Суу жылыткычтардын суу өтүүчү жерин бууп салуу шат.   Белгилеп кетсем, Бишкекте… Кененирээк…

Бишкекте түнкүсүн тышкы жарык өчүрүлбөйт

Бишкекте түнкүсүн тышкы жарык өчүрүлбөйт. Улуттук энерго холдинг ордо калаада тышкы жарыктандырууну толугу менен өчүрүү оюнан баш тартты.   Ведомство дефицитке байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча эскертүүлөр менен гана чектелди.   Эске салсак, буга чейин Улуттук энерго холдинг кечки саат 10дон кийин Бишкектин көчөлөрүндө… Кененирээк…

Индонезияда өзгөчө музей ачылды

Индонезияда өзгөчө музей ачылды. Анда пластиктен жасалган буюмдар тартууланган: бир жолу колдонулуучу идиш-аяк, түтүкчөлөр, бөтөлкөлөр жана баштыктар.   Бул таштандынын бардыгы океан, деңиз, дарыялардан жана пляждардан терилген. Белгилеп кетсек, Индонезия дүйнөдөгү пластикти эң көп колдонгон мамлекеттердин тизмесинде экинчи орунда турат. Ал эми биринчи орунда Кытай… Кененирээк…

Бишкектин Логвиненко көчөсүндө 6-октябрда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкектин Логвиненко көчөсүндө 6-октябрда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, кечки саат  10дон таңкы 8ге чейин жол жабылат.   Убактылуу чектөөлөр тилкедеги оңдоо иштерине байланыштуу.

Балыкчы – Барскоон унаа жолунун курулушу боюнча бир катар суроолорду аягына иштеп чыгуу сунушу Унаа жана жолдор министрлигине берилди

Балыкчы – Барскоон унаа жолунун курулушу боюнча бир катар суроолорду аягына иштеп чыгуу сунушу Унаа жана жолдор министрлигине берилди. Ведомство маалыматына ылайык, трасса кенен болуп, бардык заманбап талаптарга жооп бериши керек.   Бул үзгүлтүксүз жана коопсуз транспорт кыймылы үчүн зарыл. Аткарылган иштердин сапатын текшерип туруу… Кененирээк…

“Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду

“Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду.   Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, кеп бюджеттик тармактын кызматкерлери үчүн берилген “Жеңилдетилген ипотека” багыты тууралуу болуп жатат.   Суроо-талап өтө чоң болгондуктан, өнөктөш банктар катышуучуларды тез арада эле топтоп алды.   Кийинки арыз кабыл… Кененирээк…

Бишкектиктерге жылуулук бүгүн түндө берилип баштайт

Бишкектиктерге жылуулук бүгүн түндө берилип баштайт. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Ага ылайык, жылуулук түнкү саат 12ден кийин берилет.   Алгач мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйү жана социалдык мекемелердин батареялары жылыйт.   Экинчи кезекте турак жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер, жылуулукка карызы… Кененирээк…

Швейцарияда коронавирустан эмделүү үчүн досторун алып келген жарандарга акча берилет

Швейцарияда коронавирустан эмделүү үчүн досторун алып келген жарандарга акча берилет.   Агитаторлор ар бир вакцина алган досу үчүн 54 доллардан алат. Бирок жарандарга акчалай түрдө берилбейт, атайын купондор ыйгарылат.   Аларга белгилүү бир товарларды алып, же кызматтарды колдонсо болот. Бийлик мындай жол менен вакцинация кампаниясын… Кененирээк…

Бишкекте Арал кичи көчөсүн оңдоо иштери башталды

Бишкекте Арал кичи көчөсүн оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык,  жумуштар анын Элебесов көчөсүнөн Дачныйга чейинки тилкесинде жүрүп жатат.   Планга ылайык, жеринде тротуарлар дагы калыбына келтирилип, ирригациялык тармак өткөрүлөт. Люктар, бордюрлар жана люктар орнотулат, — дешти муниципалитеттен.