Бишкекте 3 эм төрөлдү

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу ымыркайлардын апасы өзү маалымдама каражаттарына сүйүнчүлөдү. Наристелердин үчөө тең кыз. Алар ордо калаадагы   №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти.   Учурда эне-балдардын абалы жакшы.

Индияда аптанын үч күнүн гана жумушчу күн кылуу сунушталды

Индиянын Slice стартапы жаңы жумушчуларды базар курсунун 80 пайыз айлыгы менен аптасына үч күн иштөөнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.   Маалыматка ылайык, IT тармагында жумушчу күчүнүн жоктугунан өлкөнүн компаниялары адистер үчүн атаандашууда. Ал эми аталган идея компанияга атаандаштык артыкчылыгын берет деп эсептешет.… Кененирээк…

Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот? Даректер

Бишкек мэриясы бүгүн, 5-октябрда шаардын аймагындагы көмүр саткан жайлардын тизмесин жарыялады.   Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Мындан тышкары, шаардын калк жашаган аймактарында 35ке жакын стационардык пункттар ачылары мерчемделүүдө. Ленин районунда төрт отун базасы: — «Ак-Жол» ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү,… Кененирээк…

Мугалимдер күнүнө карата Кыргызстандын мыкты мугалими жана мыкты тарбиячысы аныкталды

Мугалимдер күнүнө карата Кыргызстандын мыкты мугалими жана мыкты тарбиячысы аныкталды. “Жылдын мыкты мугалими” наамын Ош шаарынын   №52 мектебинин кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген Илгиз Шамырзаев ээледи. Ага 100 миң сом жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо ыйгарылды.   Экинчи орунга Баткенден Бактыгүл Сагыналы кызы, үчүнчүгө… Кененирээк…

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында жарым финалда күрөшөт. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Буга… Кененирээк…

Россия жана Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалды бажы төлөмү жок жеткирүү боюнча макулдашты

Россия жана Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалды бажы төлөмү жок жеткирүү боюнча макулдашты.   Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.   Бирок, ал белгилегендей, документке кол коюла элек. Эгер макулдашуу жетишилсе, анда Кыргызстан Россиядан жыл сайын 650 миң тонна бензинди  жана 550 миң… Кененирээк…

Бишкектин Логвиненко көчөсү эртең түндө жабылат

Бишкектин Логвиненко көчөсү эртең түндө жабылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, анын тилкеси 6-октябрда кечки саат 10дон эртең мененки 8ге чейин тосулат.   Бул темир жолдогу оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанда жакынкы 2 жума аралыгында күйүүчү-майлоочу материал дагы кымбаттайт

Кыргызстанда жакынкы 2 жума аралыгында күйүүчү-майлоочу материал дагы кымбаттайт. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, октябрдын ортосуна чейин бензиндин бир литринин баасы болжол менен 1,5 сомго, дизелдик отундуку 1 сомго көтөрүлөт. Айдын экинчи жарымына азырынча божомолдор жок.   Андагы… Кененирээк…

Бишкекке Казакстандын 300дөн ашуун маданият өкүлдөрү келет

Казакстандын маданият күндөрүн өткөрүү үчүн Бишкекке 300дөн ашуун казак өнөрпоздору келет. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара 7-9-октябрда болот.   Маданият күндөрүнүн алкагында казак кино күндөрү, археологиялык артефактар, көркөм сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Акын, агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот. Андан тышкары, “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион кубметр газга келишим түзүлгөн. Азыр көгүлтүр отун үзгүлтүксүз келип жатканын Бишкек ЖЭБинин… Кененирээк…