Россияда коңшу өлкөлөрдөн барып курулуш тармагына иштеген мигранттар атайын сынактарды тапшырат

Россияда коңшу өлкөлөрдөн барып курулуш тармагына иштеген мигранттар атайын сынактарды тапшырат. Улуттук Куруучулар биримдигинин президенти Антон Глушков билдиргендей, быйыл жыл аягына чейин Тажикстан менен Беларустан барган мигранттардан сынак алуу процедурасы толук ишке кирет.   Андан кийин сынактар Кыргызстан жарандарына дагы сунушталышы мүмкүн.

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маалы менен жабылат

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маалы менен жабылат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, таш кулатуу иштери 11-октябрдан 15-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун   131-чакырымында Боом капчыгайына тиешелүү тилкеде жүрөт.   Андан улам жолдор саат 9дан 3кө чейин жабылат. Иштер журүп жаткан учурда транспорт бир тилке… Кененирээк…

Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркагандар бир катар салыктан бошотулду

Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркагандар бир катар салыктан бошотулду.   Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, быйыл 31-декабрга чейин чек арадагы окуялардын кесепетинен жабыркаган, кенди кайра иштетүү, кен казуу, акциздик товар өндүрүү, мунай өндүрүмдөрүн сатуу багытындагы ишкерлер киреше, пайда, кошумча нарк, сатуу салыктарынан бошотулат.  … Кененирээк…

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Мээрим Жуманазарованын кылыгы күйөрмандардын жүрөгүн жылытты

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Мээрим Жуманазарованын кылыгы күйөрмандардын жүрөгүн жылытты. Биринчи орунга күрөш учурунда кыргызстандык балбан кыз япониялык Рин Мьядзини жеңди.   Жуманазарованын ыкмасынан кийин атаандаштын тизеси катуу ооруп калган.   Биздин спортчу Мьядзини колдоп, ага турууга жана аянтчага жетүүгө жардам берди. Беттештин баяндамачысы… Кененирээк…

Бишкекте автобус айдоочулары жетишсиз

Бишкекте автобус айдоочулары жетишсиз. Мэриянын маалыматына ылайык, 210 автобустун ичинен линияларга 90у гана чыгат.   Кадрдык маселе учурда чечилип жатат, алсак, жаңы айдоочуларды коомдук транспортту башкарууга окутуу жүрүүдө.   Бирок, маршруттук таксилердин линиялардагы жетишсиздиги дагы байкалат. Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы ордо калаада 4 миңден ашык… Кененирээк…

Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат

Парламенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгы 18-декабрда чыгарылат. Добуштарды эсептөө процедурасы тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.   “Эртең мененки саат 8де башталат, кечки 20:00дө бүтөт. Кудай буюрса, пландаштырып атабыз, 1,5 сааттын ичинде жыйынтыкталып калат. Алдын-ала жыйынтыктар чыгат. Албетте, андан кийин бизге убакыт… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда катуу жааган кардан кийин мал-жандыктары менен 4 чабан Тоң ашуусунда камалып калды

Ысык-Көл облусунда катуу жааган кардан кийин мал-жандыктары менен 4 чабан Тоң ашуусунда камалып калды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алар 500 жылкы жана 400 топозду ашуудан өткөрүүнү пландап, бирок бороондун айынан кар туткунунда калышты.   Чабандарга жардам берүү үчүн  5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар… Кененирээк…

Америкалык аял эки лоторея билетин сатып алып, ар биринен эки миллион доллардан утуп алды

Америкалык аял эки лоторея билетин сатып алып, ар биринен эки миллион доллардан утуп алды. Insider порталы жарыялагандай, бул Флорида штатында катталды. Муну менен 64 жаштагы аял Mega Millions лотореясынан бир күндө эле 4 миллион доллар утуп алды. Эксперттердин айтымында, 1 миллион доллар утуп алуу мүмкүнчүлүгү… Кененирээк…

Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу иштеринин экинчи фазасы аяктоо алдында

Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу иштеринин экинчи фазасы аяктоо алдында. Экинчи фазада Жумгал районунан Тогуз-Торо районунун Казарман айылына чейинки жолду куруу пландалып, тилкенин 100 чакырымына асфальт төшөлдү. Андан тышкары, буга чейин жол жок болгон Кабак капчыгайында дагы жаңы тилке пайда болду. Ошондой эле Нарын дарыясында 2… Кененирээк…

Бишкектеги № 67 гимназия мектеби 18-октябрга чейин карантинге жабылды

Бишкектеги № 67 гимназия мектебинин окуучуларынын арасынан COVID-19 табылгандан улам аталган билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Коронавирусту жайылтпоо максатында шаардагы мектептерде бул оору аныкталса, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык карантинге жабылары маалымдалган.