Apple ноябрда кезектеги жаңы продукциясын тартуулайт

Apple ноябрда кезектеги жаңы продукциясын тартуулайт. Bloomberg агенттиги билдиргендей, компания MacBook Pro ноутбуктарын көрсөтөт. Күтүлгөндөй алар 14 жана 16 дюйм менен эки вариантта тартууланат. Түзүм жаңы 10 ядерлүү процессор менен жабдууланган. Apple акыркы иш-чарасын сентябрдын ортосунда онлайн форматта өткөргөн. Анда iPhone 13 смартфону, iPad жана… Кененирээк…

Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда

Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Мурас-Ордо, Алтын-Бешик, Көлмө, Тынчтык конуштарынын көчөлөрүнө электр энергияны үнөмдөгөн 500гө жакын диоддук чырак орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Учурда иштер Ак-Босого жана Калыс-Ордо конуштарында уланууда.

Кыргызстанда «Легалдуу эмес — 2021» рейди башталды

Кыргызстанда «Легалдуу эмес — 2021» рейди башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Рейд 18-октябрга чейин уланат жана ал ЖККУнун мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү системасынын алкагында жүргүзүлөт. Министрлик чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкө аймагында жүрүү тартибин сактоого чакырат.

Кыргызстандык балбандар дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү

Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатындагы ийгиликтеринен кийин дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтингди Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму өзүнүн расмий сайтына чыгарды. Жаңы тизме Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Анда кыргызстандык спортчулардын айрымдары алдыңкы сапка көтөрүлсө, кээ бири… Кененирээк…

Кийинки “Евровидение” ыр сынагы Туринде өтөт

Кийинки “Евровидение” ыр сынагы Туринде өтөт. Иш-чара спорттук-концерттик Pala Olimpico аренасында уюштурулат. Жарым финал 10-12-майга белгиленди, ал эми финал 14-майда өтөт. Эске салсак, Италия Maneskin тобу утуп алгандан кийин ыр сынакты өткөрүү укугун алган. Бул Италия үчүн “Евровидениенин” тарыхында үчүнчү жеңиш жана 1990-жылдан берки алгачкысы

Россияга Кытайдын айрым товарларын киргизүүгө тыюу салынды

Россияга Кытайдын айрым товарларын киргизүүгө тыюу салынды. Роспотребнадзордун эксперттери Кытайдан чыккан кукси, чипсы жана башка бир нече азыктан тыюу салынган компоненттерди табышты. Андан тышкары, вермишелди, шоколад креминен жасалган жумуртка десертинин жана ичинде сюрприз-оюнчугу бар токочтун импортуна чектөө киргизилди. Бул азыктардын курамынан ГМО жүгөрү менен соянын… Кененирээк…

Бишкекке жылуу күндөр орноп баштады

Бишкекке жылуу күндөр орноп баштады. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүнтөн тартып ордо калаада аба-ырайы ачык болуп, күн тийип турат. Абанын температурасы дагы күн сайын 1, 2 градуска көтөрүлөт. Ошондой эле октябрдын ортосуна чейин Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. 20сынан тартып абанын табы кескин жогорулайт. Түнкүсүн +10 градустан төмөндөбөйт,… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоочулардын саны барынан Ош шаарында жана облусунда көп

Кыргызстанда шайлоочулардын саны барынан Ош шаарында жана облусунда көп. novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдиргендей, аймакта добуш берүүгө укугу бар 900 миң адам эсептелет. Андан кийин Жалал-Абад облусу 686 миң жана Чүй облусу – 609 миң адам менен турат. Ал эми Бишкекте каалаган… Кененирээк…

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, вакцина Европа биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында Польша тарабынан берилди. Препарат жакынкы аралыкта өлкөнүн эмдөө түйүндөрүнө бөлүштүрүлүп берилет. Белгилеп кетсек, буга чейин өлкөдө… Кененирээк…

Майыптыгы бар балдар ноябрда көбөйтүлгөн жөлөк пул алат

Майыптыгы бар балдар ноябрда көбөйтүлгөн жөлөк пул алат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча токтом долбоор иштерип чыккан. Учурда ал министрлер кабинетинде кароодо. Министрлер кабинети токтомду кабыл алгандан кийин жогорулатылган жөлөк пулдарды төлөө башталат. Буга… Кененирээк…