Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайыдалды

Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайыдалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. «Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Абыкеев мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы кызматына 2021-жылдын июль айында келип, бул жумушта төрт ай иштеди.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. «Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касмамбетов КР президентинин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп дайындалды», — деп айтылган маалыматта. Ал эми мурдагы маалымат катчы Чолпонбек Абыкеев жарлыктын негизинде кызматтан кеткен.  

Ысык-Ата районунда 3 эм төрөлдү

Ысык-Ата районунда 3 эм төрөлдү. Милянфан айылынын 32 жаштагы тургуну 3 кызды Чүй облустук төрөт үйүндө жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлардын салмагы 2 килограмм 900 грамм, 2 килограмм 100 грамм жана 2 килограмм. Кыздарга ата-энеси Амаля, Алия, Айлина аттуу ысымдарды ыйгарышты.

Жогорку Кеңеш комитети Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча президенттин сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш комитети Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду. Президенттин министрлер кабинети жөнүндө кол койгон мыйзамына ылайык, өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Акылбек Жапаров дайындалды. Дагы бир жарлык менен… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетти

Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетти. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат

Россияда мигранттарга жарандыкты алуу жана өлкө аймагында жүрүүнү жеңилдетүү караалууда

Россияда мигранттарга жарандыкты алуу жана өлкө аймагында жүрүүнү жеңилдетүү караалууда. Ички иштер министрлиги үч миграциялык режим киргизүүнү пландап жатат. Алар – кыска мөөнөтүү, узак мөөнөтүү жана туруктуу жашоо. Кыска мөөнөттө жүрүү режиминде Россияга киргенден баштап 90 күн убакыт каралган. Бул аралыкта чет элдик жаран өз… Кененирээк…

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ачылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ачылды. Ак-Дөбө айылында жайгашкан медициналык мекеме бир кабаттуу жана анда бейтаптарды кабыл алууга бардык шарттар түзүлдү. Борбордо 9 медицина кызматкери жергиликтүү тургундарга биринчи медициналык жардам көрсөтөт. Имаратты курууга 7 миллион 750 миң сом багытталды. Каражатты Дүйнөлүк банк… Кененирээк…

Эртен, 13-октябрда бир мандаттуу талапкерлерди катоо аяктайт

Эртен, 13-октябрда бир мандаттуу талапкерлерди катоо аяктайт. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр каттоого туруу үчүн 18-октябрга чейин документтерин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат тандалат. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36сы бир… Кененирээк…

Кыргызcтанда көмүрдүн баасы 3 ай бою көзөмөлгө алынат

Кыргызcтанда көмүрдүн баасы 3 ай бою көзөмөлгө алынат. Өлкө аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тийиштүү чечимге төрага Улукбек Марипов кол койду. Мындай чара быйылкы күзгү-кышкы сезондон өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Тиешелүү… Кененирээк…

Бишкектеги Улуттук госпиталды оңдоо иштери кышка чейин аяктайт

Бишкектеги Улуттук госпиталды оңдоо иштери кышка чейин аяктайт. Мэриянын маалыматына ылайык, медициналык мекеменин муун хирургиясы жана ашкана бөлүгү ремонттолот. Ички жасалгалоо иштери аткарылып, пол, электр тармактары жаңыланат. Ошондой эле жуунучу кабиналар орнотулуп, палаталардагы санитардык бөлүмдөр оңдоп-түзөлөт.