Бишкектин айрым райондорунда жарык жок болот

Бишкектин айрым райондорунда жарык жок болот. «Түндүк электрден» билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин Жантөшев, Юнусалиев,  Достоевский, Молдокулов жана Матросов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Ордо, Ак-Босого, Арча-Бешик, Ынтымак, Кыргызстан, Рухий Мурас, Көк-Жар, Ак-Бата жана Дордой-2 конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Ош облусунун Ноокат районунда алманын баасы 2эсе кымбаттады

Ош облусунун Ноокат районунда алманын баасы 2эсе кымбаттады. Быйыл алма түрүнө карап 35 сомдон 70 сомго чейин сатылууда. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде наркы 15 сомдон 25 сомго чейин болчу. Алмалар сортуна карап ички базарда сатылат жана Россияга экспорттолот. Ноокат району боюнча 3 миң 150… Кененирээк…

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. «Кабар» агенттигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сарпашев тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Эске сала кетсек, ал Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип 18-июнда КР УКМК тарабынан кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тил каты… Кененирээк…

Россия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди

Россия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди. Алар Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары экенин Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов билдирди. Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына мунапыс берилди. Мындай кадамга барууга жумушчу күчтүн тартыштыгы себеп. Кызыгы, 10 жылга чейин… Кененирээк…

Бишкектин 23 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда

Бишкектин 23 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 15 чакырым болгон 9 көчөдө 2 катмарлуу асфальт-бетон төшөлүүдө.  Андан тышкары, Новая, Түгөлбай-Ата, Стадионная жана Карасаев тилкелеринде иштер аяктады, учурда тротуар түшүрүлуп жатат. Иштерди капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге 2 бөлмөлүү батир берилди

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге 2 бөлмөлүү батир берилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, турак жай жергиликтүү бийлик тарабынан ыйгарылды жана бул максатта бюджеттен 1 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында үч ымыркай 31-мартта төрөлгөн. Буга чейин алардын апасы 5 баласы менен ижарада, бир… Кененирээк…

Бишкекте “Парковка” рейди өтүп жатат

Бишкекте “Парковка” рейди өтүп жатат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 3 күндүн ичинде унаасын туура эмес жерге токтоткон 1 миңден ашык айдоочу аныкталды. Тартип бузуучуларга карата протокол толтурулду. Айыптын суммасы 1 миң сомду түзөт. Кызматтан белгилешкендей, “Парковка” рейди коопсуз жол кыймылын камсыздоо максатында өткөрүлүп жатат.

Ноокаттын мэри жана шаардык кеңештин депутаты кармалды

Ноокаттын мэри жана шаардык кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөр 4 жылдын ичинде кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке 15 миллион сомдук зыян алып келген. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө чаралары жүрүүдө.

Чүй облусунда Сокулук ГЭС-2 ачылды

Чүй облусунда Сокулук ГЭС-2 ачылды. Маалыматка караганда, объект 60 жыл мурда пайдаланууга берилген. Советтер союзу кулагандан кийин ГЭС консервацияланган. Учурда ГЭСке эки гидроагрегат жана трансформатор орнотулду. Алар жылына 11 миллион кВт/сааттан ашык электр энергия өндүрөт. Кошумчаласак, Учурда республика боюнча жалпы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана… Кененирээк…

15-октябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот

Эртең, 15-октябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Центральная, Архитектурная, Птицефабрика, Пригород, мал базар, Птицеград №1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12 көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы болбойт. Шаардык мэрия… Кененирээк…