Бишкектин мектептерин карантинге жабуу каралган жок

Бишкектин мектептерин карантинге жабуу каралган жок.   Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу карантинге жабылган мектеп бүгүн кадимки тартипте иштеп баштады.   Ордо калаада курч респиратордук вирустар күч алып жаткандыктан, мектептерде күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатат. Балдарда оорунун белгилери пайда… Кененирээк…

Тесла компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы бир жумада эле  13 миллиард долларга көбөйдү

Тесла компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы бир жумада эле  13 миллиард долларга көбөйдү. Учурда анын эсебинде дээрлик 2015 миллиард доллар бар.   Forbs басылмасынын маалыматына ылайык, АКШнын биржа фонду толугу менен калыбына келгендиктен, дүйнөнүн эң бай адамы дагы байыды.   Маск буга чейин ондогон жылдар… Кененирээк…

Өзбекстан Баткен облусунда 2 мектеп куруп берет

Өзбекстан Баткен облусунда 2 мектеп куруп берет.   Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, биринчи объект Самаркандек айылында жайгашып, 350 орунга эсептелсе, экинчиси Лейлек районунун Маргун айылында курулуп, 500 орундуу болот.   Коңшу өлкө курулушту толугу менен камсыздоого даяр.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 590 миллион сомдон ашык жумшалат

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 590 миллион сомдон ашык жумшалат. Шайлоо сметасы тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.   “592 миллион каралды. Көпчүлүк чыгымдар комиссия мүчөлөрүнүн сый акысы. Себеби бизде 30 миңге жакын шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Ошон үчүн чыгымдардын көбү сый… Кененирээк…

Улуу Британияда эң мыкты вакансия пайда болду

Улуу Британияда эң мыкты вакансия пайда болду. Керебеттерди өндүрүүчү компания матрастарды сынай турган адамды издеп жатат. Бул вакансия боюнча келген кызматкер эртеден кечке чейин жатып, сыналгы көрүп, продукцияга сын-пикир гана жазышы керек болот.   Ар бир матрастын сапатын текшерүү үчүн ал жумасына 37 саат жатышы… Кененирээк…

Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлору бейтаптарды эс алуу күндөрү дагы кабыл алат

Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлору бейтаптарды эс алуу күндөрү дагы кабыл алат.   Бул тууралуу 24 агенттигине шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары кескин көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынды. Ишембиде борборлордо кадимки… Кененирээк…

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу уланууда

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облустарында жүрүп жатса, Чүй жана Талас облустарында курулуш пландалып жатат.   ГЭСтерди куруу үчүн тиешелүү укуктук нормативдер жана документтер кабыл алынды, алар инвесторлорго айрым жеңилдиктерди берет.   Ведомстводон такташкандай, ири… Кененирээк…

Парламенттик шайлоодо чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар партияларга гана добуш бере алат

Парламенттик шайлоодо чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар партияларга гана добуш бере алат. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.   Анын айтымында, башка өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн бюллетендерде бир гана партиялар менен аттанган талапкерлердин аты-жөнү жазылат.   Ал эми бир мандаттуу округ боюнча аттангандар көрсөтүлбөйт.… Кененирээк…

Нидерландыда уктоого жардам бере турган робот-жаздык сатыкка чыгарылды

Нидерландыда уктоого жардам бере турган робот-жаздык сатыкка чыгарылды. Ал атайын датчиктердин жардамы менен ээсинин уйку статистикасын чогултуп, автоматтык түрдө дем алуусун ошого ылайыкташтырат.   Адистердин айтымында, дал ушул тынч дем алуу адамга ырахат тартуулап, стресстен арылтып, уктоого жардам берет. Мындай жаздык 600 долларга сатылууда.  

Кыргызстандын 6 айыл-өкмөтүндө “бирдиктүү терезелер” иштеп баштады

Кыргызстандын 6 айыл-өкмөтүндө “бирдиктүү терезелер” иштеп баштады.   Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бирикмесинин маалыматына ылайык, айылдар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында жайгашат.   Долбоорлордун биринин каржылоосу менен атайын техника сатылып алынды. Жалпысынан, “бирдиктүү терезе” системасын ишке киргизүүгө 1,5 миллион сом жумшалды. Жыйынтыгында, мамлекеттик кызматтарды алуу 40 миң… Кененирээк…