Австралия өзүнүн “Кальмар оюнун” киргизет

Австралия өзүнүн “Кальмар оюнун” киргизет.  Катышуучулар чыныгы күрөшкө катышып, чоң суммадагы акча ута алат. Бирок алардын өмүрү коркунучта эмес. Оюндар кийинки жылдын февраль айында старт алат.   Жалпысынан 2 миң катышуучу тандалып алынып, алар өз ара мелдешет. Ар бир раунддан кийин утулгандар оюндан четтетилет. Финалга… Кененирээк…

Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат. Чектөөлөр вело-сезонду жабууга байланыштуу киргизилет.   Мэриянын маалыматына ылайык, 24-октябрда эртең мененки саат 10дон 11ге чейин анын Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаевага чейинки тилкеси тосулат.   Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

БШК жарандарды добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн тактап алууга чакырат

БШК жарандарды добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн тактап алууга чакырат.   Бизге комиссия төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдиргендей, бул үчүн tizme.gov.kg мамлекеттик порталы жеткиликтүү.   Андан тышкары, жарандар шайлоо боюнча бардык маалыматты тактоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо     … Кененирээк…

Казакстан карантин чараларын жеңилдетет

Казакстандын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиясы 20-октябрдан тарта карантинди жеңилдетүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу 19-октябрда Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди. Ал мындай чечимге «өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташканы жана эмдөөдөн өтүшү керек болгон калктын 70 пайыздан ашыгы вакцина алганы» негиз… Кененирээк…

Синоптиктер ноябрдагы аба-ырайы тууралуу айтып беришти

Синоптиктер ноябрдагы аба-ырайы тууралуу айтып беришти. Күздүн соңку айына карата божомолду Кыргызгидромет түздү.   Ага ылайык, өлкөнүн түндүгүндө термометр мамычалары күндүз +12ге чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 2 градус суук болот.   Ал эми түштүктө күндүзгү температура +6 градустан +17ге чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн -2 градус сууктан, +7… Кененирээк…

Ордо калаанын унаа токтотуу жайлары эс алуу жана майрам күндөрү акысыз болот

Ордо калаанын унаа токтотуу жайлары эс алуу жана майрам күндөрү акысыз болот. Бул тууралуу мэрия эскертет. Иш күндөрү унааны токтотуу акысы -25 сом.   Белгилеп кетсек, муниципалдык операторлор “Бишкектин парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” деген жазуусу бар атайын кийимчен иштейт, алар ар бир унаа ээсине… Кененирээк…

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2 миллиондон ашык турист келди

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2 миллиондон ашык турист келди. Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти.   Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, көрсөткүч 549 миңге көп. Кыргызстанга келгендердин арасында Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытай, Индия, АКШ, Түштүк Корея, Пакистан, Франция, Сауд Арабия, Япония,… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулук азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулук азаюуда. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда өлкөнүн башкы резервуарында                              12 миллиард кубометр суу бар.   Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик 3 миллиард кубга аз. Бүгүнкү күндө суунун келүүсү секундасына 229 кубометрди түзсө, чыгышы – 386 кубометрге жетүүдө.   Буга чейин Улуттук… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын августунан бери бизнес тармагына 622 миллион сомго айыптар, туум жана салык санкцияларын чийип салды

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын августунан бери бизнес тармагына 622 миллион сомго айыптар, туум жана салык санкцияларын чийип салды. Жалпысынан тизмеде 9,5 миң субъект бар.   Эске салсак, мындай мүмкүнчүлүк ушул жылдын 1-июлуна чейин салык жана камсыздандыруу төлөмдөр боюнча карыздарын жапкан ишкерлерге берилди.   Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу пландалууда

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу пландалууда. Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Документте ун, нан, сүт, май, эт, кумшекер, көмүр жана бензин көрсөтүлгөн.   Эгер бул азыктардын баасы бир айда 20 пайыздан ашык кымбаттаса, Экономика министрлиги бааны туруктуу сактоо үчүн сунуштарды киргизиши керек… Кененирээк…