«Фейсбук» аталышын өзгөртүшү мүмкүн

«Фейсбук» социалдык тармагынын аталышы жакын арада өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Verge порталы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, соцтармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг бул маселени 28-октябрга белгиленген Facebook Connect жылдык жыйынында талкуулоону көздөп жатат. Бирок ребрендинг тууралуу эртерек жарыяланышы мүмкүн.   Бул кадам аталган социалдык… Кененирээк…

Баткен облусунда 31 жаңы турак-жай колдонууга берилет

Баткен облусунда 31 жаңы турак-жай колдонууга берилет. Үйлөр чек ара жаңжалында жабыркагандарга курулган.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, турак-жайлар Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында жайгашат.   Белгилеп кетсек, чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 турак-жай курулду.

АКШ тургуну бутерброд жейм деп байып алды

АКШ тургуну бутерброд жейм деп байып алды.   Аял тез даярдалуучу тамак сатып алууга дүкөнгө барып, калган 20 долларга лотерея билетин сатып алган. Ошол жерден ал 103 миң доллардын бактылуу ээси болду.   Учурда аял каражатты алып, насыяларын жабууну пландап жатат.

Бишкектин таштанды полигонун калыбына келтирүү боюнча иштер жанданды

  Бишкектин таштанды полигонун калыбына келтирүү боюнча иштер жанданды. Мэриянын маалыматына ылайык, Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы сентябрда эстон компаниясы менен келишимди жокко чыгаруу боюнча маалымдама жөнөткөн.   Анткени, аткаруучу компания себептерин билдирбестен 1,5 жылга өлкөдөн чыгып кеткен. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ал иштерин… Кененирээк…

“Кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп баштады

“Кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп баштады. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, август жана сентябрь айлары үчүн саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлерине компенсация катары 387 миллион сомдон ашык бөлүндү.   Белгилеп кетсек, буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам, “кызыл зонада” иштеген… Кененирээк…

Парламент Жогорку соттун үч судьясын шайлады

Парламент депутаттары 20-октябрдагы жыйында Жогорку соттун үч жаңы судьясын шайлашты.   Талапкерлер Тыныбек Бекешевди, Сулмайманкул Атакуловду жана Аида Сейдакматованы депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.   Депутаттар алардын талапкерлигин колдогондон соң жаңы судьялар ант беришти.   Кыргызстандын Жогорку сотунда төрайым, анын үч орунбасары… Кененирээк…

Cаясий партиялар 1 046 талапкерди сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясында саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен барчу талапкерлерди сунуштоо аяктады. Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык саясий партия бирдиктүү шайлоо тилкеси боюнча 54 талапкерден ашпаган тизмени бериши керек. Мындай тизмени 20-октябрга чейин 21 саясий партия берди.   Жалпы сунушталган талапкерлердин саны 1046… Кененирээк…

ФИФА дүйнө чемпионатын 4 жыл сайын эмес, 2 жыл сайын өткөрүүнү сунуштады

ФИФА дүйнө чемпионатын 4 жыл сайын эмес, 2 жыл сайын өткөрүүнү сунуштады. Мындай өзгөрүүлөр 2026-жылкы дүйнө биринчилигинен кийин киргизилиши мүмкүн.   ФИФАнын башчысы Джанни Инфантинонун айтымында, мындай ири иш-чара дүйнөгө чоң жаңычылдыктарды жана окуяларды жаратат. Эске салсак, кийинки футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылы Катарда өтөт.… Кененирээк…

ЕАЭБ мамлекеттери ортосунда аба каттамдар толугу менен жанданды

ЕАЭБ мамлекеттери ортосунда аба каттамдар толугу менен жанданды. Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.   Ал белгилегендей, алсак, кыргызстандыктар коронавирустун жоктугун тастыктаган тест маалымкат менен Россия аймагына кире алат. Жарандар телефондоруна “COVID-19 жок саякаттайбыз” тиркемесин көчүрүп алышы керек, ал бардык ЕАЭБ… Кененирээк…

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоого аттанган 335 талапкер БШКга документтердин толук топтомун тапшырды

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоого аттанган 335 талапкер БШКга документтердин толук топтомун тапшырды. Боршайкомдун маалыматына ылайык, учурга карата анын 80и каттоодон өттү. Каттоо процесси 28-октябрда жыйынтыкталат.   Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул ирет добуш берүү аралаш система менен өтөт.