УКМКнын Чек ара кызматына 40 даана аскер техникасы тапшырылды

УКМКнын Чек ара кызматына 40 даана аскер техникасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.   Атайын жабдуулар Мамлекеттик чек аранын өздүк курамын күчөтүү жана чек араларды бекемдөө  максатында сатылып алынды.   Белгилеп кетсек, өлкөнүн көз карандысыздыгынан бери алгачкы ирет аскер техникасы бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Криштиану Роналду Чемпиондор лигасында жаңы рекорд койду

“Манчестер Юнайтеддин” португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду Чемпиондор лигасында жаңы рекорд койду. Футболчу “Аталанта” менен беттеште өзгөчөлөнө алды.   Италиялык команда Роналду турнирдин алкагында гол киргизген 38-клуб болду. Белгилеп кетсек, буга чейин рекорд ПСЖнын чабуулчусу Лионель Мессиге таандык болчу.

Жогорку Кеңеш кайра кабыл алынган Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерин президентке жөнөттү

Жогорку Кеңеш кайра кабыл алынган Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерин президентке жөнөттү. Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Документтер президент администрациясынын профилдик башкармалыгында каралып жатат.   Эске салсак, сентябрда Садыр Жапаров парламентке жаңы Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык кодекстерин жана укук бузуулар боюнча кодексти парламентке… Кененирээк…

Instagram бир катар жаңы  функцияларды киргизүүдө

Instagram бир катар жаңы  функцияларды киргизүүдө. Алардын ичинен эң эле көптөн бери күтүлгөнү – публикацияларды компьютерден дагы киргизүү мүмкүнчүлүгү.   Буга чейин бул функцияны смартфондон гана ишке ашырылчу. Андан тышкары, бүгүнтөн тарта эки колдонуучу биргелешип лентага же Reels бөлүмүнө сүрөт же видео киргизе алат. Бул… Кененирээк…

Токмокто жылуулук сезону старт алды

Токмокто жылуулук сезону старт алды. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн түндө аба-ырайынын табы кескин төмөндөгөндүктөн, шаар тургундарына, мектеп-бала бакчаларга жана башка социалдык мекемелерге жылуулук берилип баштады.   Буга байланыштуу калаада авариялык бригадалар нөөмөт кылууда. Ал эми Бишкекте жылуулук 5-октябрда берилген.

Энергетиктер “Урумбаш-Жетиген” электр өткөрүү линиясындагы аварияны жөнгө салышты

Энергетиктер “Урумбаш-Жетиген” электр өткөрүү линиясындагы аварияны жөнгө салышты. Белгилеп кетсек, ал деңиз деңгээлинен 3 миң бийиктикте жайгашкан Сары-Кыр ашуусунда жайгашат.   Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, линия 6-октябрда аба-ырайынын оор шарттарынан улам иштен чыккан. Жолду кардан тазалоого эле 1 жума талап кылынды.   Жерине жеткенден кийин… Кененирээк…

Кыргызстанда экологиялык таза Асман шаарынын курулушу боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлдү

Кыргызстанда экологиялык таза Асман шаарынын курулушу боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.   Документке ылайык, дирекциянын кеңсеси Балыкчы шаарында орун алат. Жаңы кызмат шаардын курулушу боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишин көзөмөлдөп, инвестицияларды тартып, мониторинг жүргүзүп, долбоорду ишке ашыруу жумуштарына… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундарды түзөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орундарды түзөт.   Алар Республикалык диагностикалык борбордун базасында уюштурулат.   Мындай чара Шаардык балдар клиникалык ооруканасын жана Эне-баланы коргоо улуттук борборун бир ар бошотуу максатында кабыл алынууда. Андан тышкары, эпидемиологиялык… Кененирээк…

Кыргызстанда “Түндүк”, “Инфо-Система”, «Соцсервис», «Транском» ишканалары жоюлду

Кыргызстанда мурдагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк”, “Инфо-Система”, «Соцсервис» жана «Транском» ишканалары жоюлуп, алардын милдети “Инфоком” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук кеңешчиси, “Түндүк” ишканасы жоюлганга чейин анын директорунун орун басары болуп турган Азамат Буржуев “Азаттыкка” ырастады. Анын… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп пайда болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп пайда болду. Жеңижок атындагы билим берүү мекемеси 225 окуучуга ылайык. Анда окуу корпусу, спорт, акты залдар, коомдук тамактануу бөлүмү, ошондой эле эмгек, химия, физика үчүн жабдууланган класстар бар. Долбоорду ишке ашырууга 870 миң доллар багытталды. Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан… Кененирээк…