Өкмөт туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлдү

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондун түзүү жана туризмди өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул туурасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   «Маданий, же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында… Кененирээк…

Кыргызстан тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазды.   «Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү» деп белгилеген Эдиль Байсалов. Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу… Кененирээк…

Жемкорлукка айыпталган чек ара кызматынын жетекчилери бир айга камалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башчысы Чынарбек Насиев жана «Достук» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту ырастады.   Бекташев… Кененирээк…

Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды

Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн О.Т.А. аттуу башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С. жасалма документ алып бергени үчүн шектүүгө акчалай сый акы бергени аныкталган.   Факт боюнча Жазык… Кененирээк…

Шереметьеводо кармалып турган кыргызстандыктар боюнча нота берилди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шереметьево аэропортунда кармалып тургандардын жагдайына байланыштуу орус Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Бул тууралуу «Азаттыкка» элчиликтен кабарлашты.   Маалыматка караганда, ФСБ аты-жөнүн өзгөрткөн кишилерди аныкташ үчүн аэропортто текшерүү өткөрүп жатат.   Элчилик азырынча канча адам аэропортто экени жөнүндө маалымат берген жок. Алар… Кененирээк…

Боомдо кыймыл чектелет

25-29-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди.   Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу Жол кыймылы… Кененирээк…

Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат

Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуу сунушталат. Өзгөчө бул тоолуу аймактарга сапарга чыккандарга байланыштуу.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, аба-ырайына байланыштуу жолдордо көрүү кескин начарлады, андыктан, айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү сунушталат.

Ошто эми кечки саат 8ден кийин борбордук аянт аркылуу өтсө болот

Ошто эми кечки саат 8ден кийин борбордук аянт аркылуу өтсө болот. Тиешелүү чектөө алынды. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чечим шаар тургундарынын көптөгөн арыздарынан кийин кабыл алынды.

Лейлек районунун Кулунду айылында бала бакчанын курулушу уланууда

Лейлек районунун Кулунду айылында бала бакчанын курулушу уланууда.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объект 75 пайызга даяр болуп калды. Эки кабаттуу имарат 140 орунга чакталат.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 55 миллион сомду түзөт. Бала бакча ушул жылдын аягында бөбөктөрдү кабыл алып… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда мектеп окуучулары үчүн эч кандай жеңилдиктер берилбейт

Бишкектин коомдук транспортунда мектеп окуучулары үчүн эч кандай жеңилдиктер берилбейт. Бул тууралуу novosti.kgге Бишкек шаардык кеңешинен билдиришти. Андан такташкандай, 1-ноябрдан тарта бардык окуучулар маршруттук таксилерде жана автобус, троллейбустарда жаңы тариф менен жүрүшөт.   Жол кире   7 жашка чейинки балдардан гана алынбайт.   Эске салсак, 1-ноябрдан… Кененирээк…