Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоонун жокко чыгарылышына “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши себеп болгон. Эскерте кетсек, 22-октябрда Нарындын мэри шайланып, кызматка 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу келген.

“Ливерпуль” “Манчестер Юнайтед” командасын утуп алды

Англиянын футбол боюнча чемпионатынын 9-турунда “Ливерпуль” “Манчестер Юнайтед” командасын утуп алды. Р-спорт басылмасы билдиргендей, Манчестер шаарында өткөн беттеш 5:0 эсебинде аяктады. Оюнда Наби Кейта, Диогу Жота бирден гол киргизсе, Мохамед Салах 3 гол жаратты. Муну менен Чемпионаттын турнирдик тизмесинде “Ливерпуль” 21 упай менен 2-сапта, “Манчестер… Кененирээк…

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 миллион доллар алуу ниетинде

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 миллион доллар алуу ниетинде. Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык жана гранттык макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документке ылайык, сумманын 10 миллион доллары грант түрүндө ыйгарылса, 70 миллион доллары насыя катары келет. Каражат республикалык бюджетти колдоого… Кененирээк…

Шавкат Мирзиеёв кайрадан Өзбекстандын президенти болуп шайланды

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Либерал-демократиялык партиясынан талапкер Шавкат Мирзиёевге шайлоочулардын 80,1%ы добуш берген. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Зайниддин Низамходжаев билдирди. Анын айтымында, шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык талапкерлердин ортосундагы чыныгы атаандаштыктын шартында өттү. БШК башчысы белгилегендей, учурда бардык бюллетендер саналып бүттү. Шайлоого… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүйдө тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 118ге жетти

Бишкекте жана Чүйдө тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 118ге жетти. Бул маалымат бүгүн, 25-октябрь, саат 14:30га карата алынганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бүгүн таңкы саат 07:30дагы маалыматта 85 адамга жеткени айтылган. Эске салсак, кечээ «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө… Кененирээк…

Тамак-аш өндүрүп, сатып, ташып иштеген объектилерде азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча текшерүүгө киргизилген мораторий алынды

Тамак-аш өндүрүп, сатып, ташып иштеген объектилерде азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Документке ылайык, эми Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет. Эске салсак, Бишкекте 85 адам 4 башка даректе жайгашкан тармактык кафеден… Кененирээк…

Кыргызстан өлкөдөгү кен байлыктарды өзү иштетет

Кыргызстан өлкөдөгү кен байлыктарды өзү иштетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, улуттук тоо кен казуу боюнча «Кыргызгеология» улуттук ишканасы түзүлдү. Андан тышкары, жер казынасын иштетүү боюнча мыйзам долбоору кылдат иштелип, буга чейин кен казуу иштериндеги карама-каршылыктар толук жоюлду. Ошондой эле бардык… Кененирээк…

Бишкектеги №72-мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу иштери аяктоо алдында турат

Бишкектеги №72-мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу иштери аяктоо алдында турат. Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 225 окуучуга чакталат. Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери аткрылып, инженердик тармактар даярдалды. Ошондой эле видео көзөмөл жана өрт өчүрүү сигнализациясы орнотулду. Мекеме жылуулукка кошулгандан кийин аны ачуу маселеси каралат.

Кыргызстанда туризмди өнүктүү боюнча мамлекеттик фонд пайда болот

Кыргызстанда туризмди өнүктүү боюнча мамлекеттик фонд пайда болот. бийлик ага 1 миллиард сом бөлүп берет, — деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров. Анын айтымында, фонд инвестицияларды тартуу менен, объекттерди алып-сатуу боюнча макулдашуу түзүп, аларды ижара бере алат. Өзгөчө көңүлдү туристтик кластерлер Каракол жана Ошту… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү азаюуда. Бүгүн өлкөнүн башкы резервуарында көрсөткүч 12 миллиард кубометр суу бар. Бул тууралуу электр тармактарынын маалыматында айтылат. Суунун агып кириши секундасына 198 кубомер болсо, чыгым 433 кубометрге жетип жатат. Белгилеп кетсек, былтыр ушул эле күнү суу сактагычтын көлөмү 14 миллиард… Кененирээк…